ГРОДНО ОБЛАСТЫ

БССРдин составында, 1944-ж. түзүлгөн. Респ-канын батыш тарабында. СССР м-н Поль-шанын чек арасында. Аянты 25 миң км2. Калкы 1125 миң (1976). 17 район, 10 шаар, 22 ш. т. посёлка, 205 сельсовет бар. Борбору — Гродно ш. Область Чыгыш Европа түздүгүнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан. Областтын борборунда муз доорунун таасиринен пайда болгон Неман түзөцү жатат (бийикт. 90—150 м ге чейин). Түш.-батышын Гродно, Волковысск, түш.-чыгышында Новогрудск (323 м ге чейин), түн.гчыгышын Ошмянск дөңсөөлөрү ээлейт. Климаты мелүүн, жылуу, нымдуу: Январдын орт. темп-расы батышында — 4,5°С, чыгышында —6,5°. Июлдуку 18°С ж-а 17,5°С Жылдык жаан-чачын 550—650 мм. Ири дарыялары: Неман, анын оң куймалары — Березина, Гавья, Дитва, Лебеда, Котра; сол куймалары — Уша, Сервечь, Молчадь, Щара ж. б. Жери чымдуу, күл топурактуу. Батыш ж-а түш.^батыш тарабы чопо-луу, кумдак. Областтын 1/5 бөлүгү токой. Сүт эмүүчүлөрдүн 50дей, куштун 200дөн ашуун түрү бар. Ак коён, сур коён, түлкү, багыш, тыйын чычкан, токой күсөнү, доңуз, кашкулак ж. б. бар. Калкынын 65% белорустар; орус, украин, еврей, татарлар да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 45 киши. Шаар калкы 36%. Г. о. курулуш материалдарын (цемент, темир-бетон, аки таш), минералдык жер семирткичтерин, а. ч. машиналарын, картон, фанера, бут кийим, тамак-аш продукцияларын арбын чыгарат. Ө. ж. дүң продукциясы 1940-жылдан 1965-жылга чейин 12, ал эми 1965-жылдан 1970-жылга чейин 1,9 эсе өстү. Машина куруу ж-а металл иштетүү ө. ж-ы жаңы түзүлдү. Химия, тамак-аш ө. ж. өнүгүүдө. Жеринин 54% а. ч-га жарактуу, анын 71,5% айдоо аянт, чабынды 11,7%, жайыт 15,3%. Кант кызылчанын аянты б-ча область БССРде 3-орунда турат. Эт-сүт багытындагы мал чарба өнүккөн. 1971-ж. 814,9 миң уй, 628,1 миң чочко, 92,3 миң кой болгон. Т. ж-нун жалпы уз. 666 км (1970). Автомобиль жолунуку — 5,4 миң км. Неман, Щара д-лары б-ча чакан кеме жүрөт. 1975/76-окуу жылында 1199 мектеп (199,5 миң окуучу), 18 атайын орто (18,7 миң), 3 жог. (9100 студент; мед., пед., а. ч. ин-ттары) окуу жайы болгон. 1064 китепкана, 914 клуб, 7 музей бар. 13,6 миң койкалуу ооруканаларда 2,9 миң врач иштеген. Областтык «Гродненская правда» газетасы белорус (1939-жылдан) ж-а орус (1945-жылдан) тилдеринде чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *