ГРЙВА Жан

от2020

Ноя 29, 2020

(өз аты-жөнү —Жан Карлович Ф о л м а н и с) [24. 11 (7. 12). 1910-ж. т.] — латыш совет жазуучусу. 1934-жылдан КПСС мүчөсү. Жашырын рев-ялык иштерге (1930), испан элинин фашизмге каршы күрөшүнө (1937) катышкан. Г-нын «Пиренейдин ары жагында» (1948) аңгеме жыйнагында испан элинин азаттык күрөшү көрсөтүлгөн. «Өмүр жолу» (1952) романында согуш убагындагы латыш аткычта-рынын эрдиги баяндалат. Г. — бир нече драмалык чыг-лардын, «Таңды күткөн адам» (1967) романынын ж-а балдар үчүн жазылган китептердин автору. СССР Жог. Советинин (6-шайл.) депутаты. Беш орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

 

от 2020