ГРИШИН Иван Александрович

(1918-ж. т., Васильевна кыш., Аламүдүн р-ну) — гвардия майору, Сов. Союз. Баатыры (1945). 1938-жылдан Сов. Армияда. Улуу Ата Мек. согушта Суворов ордендүү Кызыл Туулуу 39-гвард. аткычтар дивизиясынын 112-гвард. Люблинск аткычтар полкуида-гы батальондун командири. Түн. Кавказ, З-Украин, 1-Белорус фронтторун-да салгылашкан. Берлинди штурма-лоого катышкан, Г. командалык кылган батальон Шпрее д-нан отүүде 39-дивизиянын гвардиячыларына эч жоготууга дуушар болбостон жол ачын берип, өздөрү сол жээкке өтүшкөн. Ленин ордени, Кызыл Жылдыз, 2-дараж. Ата Мекендик Согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *