ГРИМ

 (фр. grime — маскарапоз чал, эски итал. grimo — бырыштуу дегенден) — ар кандай боек, пластика, жасалма сакал-мурут, чач ж. б. жабыштыруу м-н актёрдун кебетесин, асыресе бет түзүлүшүн өзгөртүү өнөрү. Г-дин өзүнчө өнүгүү тарыхы бар. Театрдагы Г-дин мүнөзү пьесадагы образдын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө, актёрдун негизги оюна, режиссёрдун концепңиясына, спектаклдин жасалгалануу стилине жараша болот. Орус артисттеринен чыккан Ггдин биринчи устаттары: В. В. Самойлов, А. П. Ленский ж. б. Сов. театрдагы белгилүү гримдөөчү художниктер: М. Г. Фалеев, Н.М.Сорокин, П. Б. Лифшиц, И. В. Дорофеев ж. б. Г. өнөрү кыргыз театрларында 1929-жылдан өнүгө баштады. Бул ишке артисттер К. Эшимбеков, М. Кыштообаев ж. б. катышын келген. Г. өнөрү б-ча кыргыздын туңгуч адиси — А. Сманалиев. Ал эми кинодогу Г. оператордун техникасы-на, жарыкка, плёнкага ылайык өтө кылдат пайдаланылганы м-н өзгөчөлөнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *