ГРИГ Эдвард

от2020

Ноя 29, 2020

(15. 6. 1843—4.9.1907) — норвег композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Норвег композиторлор мектебинин ири өкүлү. 1862-ж. Лейпциг консерваториясын бүтүргөн. Дания композитору Н. Га-деден таалим алган. 1866-жылдан Г. Кристианияда (Осло) жашап, филармония коомунун концертинө дирижёрлук кылат. Ю. Свенсен м-н бирдикте Муз. академия ж-а Муз. коомду (азыр Филармониялык коом) уюштурат. Француз академиясынын мүчөсү (1889), Кембриж (1893), Оксфорд (1906) ун-ттеригшн музыка б-ча доктору ж-а Берлин академиясынын ардактуу доктору (1897). Г. өз өлкөсүнүн жалындуу патриоту, таланттуу ырчысы болгон. Ата Мекен темасына байланыштуу чыг-лар жаратып, норвег элинин муз. фольк-лорун түп тамырынан бери кайрадан иштеп, аны дүйн. классикалык бийиктикке көтөрдү. Ал дүйнөгө таанымал болгон 2 сюитаны (Г. Ибсендин «Пер Гюнт» драмасына жазылган), фортепьяно ж-а оркестр үчүн концерттерди, скрипка м-н виолончель үчүн сонаталарды, симф. бийлерди жараткан.

Ад.-. Финдейзен Н., Эдвард Григ. Очерк его жизни и музыкальной деятельности, СПБ — М., 1908; Левашёва О., Эдвард Григ, М., 1962.

от 2020