ГРИГОРЬЕВ Андрей Александрович

[20. 10(1. 11). 1883, Петербург — 2. 9. 1968, Москва] — сов. физ. географ, СССР ИАнын акад. (1939). 1946-жылдан КПСС мүчөсү. 1925— 36-ж. Ленинград ун-тинин проф. СССР ИАнын Геогр. ин-тун уюшту-руучулардан (1951-жылга чейин анын директору). Түш. Уралда; Якутияда ж-а Кола ж. а-нда изилдөөлөр жүргүзгөн. Г-дин эмгектери физ. геогра-фиянын жалпы теориясына, физ. геогр. райондоштуруунун принциптерине ж-а ыктарына, геогр. чөйрө типтеринин мүнөздөмөсүнө, Россия м-н чет өлкөлөрдөгү геогр. ойдун өсүш тарыхына арналган. Ал жердин географиялык кабыгы ж-дөгү илимди иштеп чыккан. «Субарктика» аттуу монографиясы үчүн Г-ке СССР мамл. сыйлыгы ыйгарылган (1947). 1956-ж. М. И. Будько м-н бирге геогр. зоналуулуктун мезгилдүүлүк закон ченемин аныктаган. Г. «Россиядагы физикалык географиялык ойдун өөрчүшү» (1961), «Советтик физикалык географиянын теориялык проблемаларынын өөрчүшү» (1917— 1934) (1965), «Географиялык чөйрөнүн түзүлүшүнүн жана өөрчүшүнүн закон ченеми» (1966) ж. б. эмгектердин автору. Ленин ордени, башка 2 орден, медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *