ГРИГОРЬЕВКА

Ысык-Көл обл-нын Ысык-Көл р-нундагы Григорьевка сельсоветинө караштуу кыштак. Чоң-Ак-Суунун ж-а Рыбачье — Прже-вальск автомобиль жолунун боюнда. Райондун борбору Чолпон-Ата ш-нан 34 км чыгыш тарапта, Рыбачье т. ж. станциясынан 114 км. Калкы 5335 (1976). Нан з-ду, балык комбинаты, орто мектеп, мад-т үйү, клуб, эки китепкана, оорукана, медпункт бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *