ГРИБОЕДОВ Александр Сергеевич

[4(15). 1. 1795, Москва—30. 1 (И. 2). 1829, Тегеран] — орус жазуучусу ж-а дипломаты. Эски дворян үй-бүлөсүнөн. 1810-ж. Москва ун-тинин көркөм сөз ж-а юрид. ф-тетин бүтүргөн, кийин физ.-матем. ф-тетинде окуган. Көп чет тилди билген. Студент кезинде болочок декабристтерге жакындашкан ж-а А. С Пушкин, В. А. Чаадаев м-н тааныш болгон. Алгачкы чыг-лары: «Жаш жубайлар» (1815), «Студент» (1817, П. А. Катенин м-н бирге) комедиялары ж-а памфлеттер. 1818-жылдан Тегеранда, Тбилисиде дипл. кызмат аткарган. 1822-ж. Тбилисиде атактуу «Акылдын азабы» комедиясын баштап, 1824-ж. Петербургда бүтүргөн. Анда декаб-ристчил идеялар чагылып, феод.-кре-постной реакция м-н алдыңкы жаш- тардын ортосундагы күрөш көрсөтүлөт. Комедия өз убагында өтө күчтүү коомдук кадыр-барк алып, басылып чыга электе эле элге кол жазма түрүндө тарап кеткен, 1828-ж. • Иранга дипл. ишке (элчи) жиберилген. Англ. дипломат-тар м-н Тегерандагы реакциячыл чөйрөлөр тукурган фанатиктер орус миссиясын талкалаганда, Г. киши колдуу болуп өлгөн. Сөөгү Тбилисидеги Давид тоосуна коюлган. Г-дун «Акылдын азабы» комедиясы кыргыз тилине которулган.

Чыг.:  Акылдан азап, Фр., 1947; Соч., М., 1956.

Ад.:   Б е л и н с к и й В. Г., «Горе от ума», Поли. собр. соч., т. 3, М., 1953; Петров С, А. С. Грибоедов, 2 изд., М., 1954; Орлов В. Н., Грибоедов, Л., 1967.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *