[18 (31). 1. 1902-ж. т., Москва] — орус совет актеру, СССР эл арт. (1948). Соң. Эмг. Баатыры (1973). 1944-жыл-дан КПСС мүчөсү. 1924-жылдан МХАТтын актёру. Ролдору: Лёвшин, Достигаев, Лука (М. Горький, «Душмандар», «Достигаев жана башкалар», «Түпкүрдө»), Глоба (К. Симонов, «Орус адамдары»), Чебутыкин, Епи-ходов, Фирс (А. Чехов, «Эже-сиң-ди», «Алчалуу бак»), Собакевич (Н. Гоголь, «Өлүү жандар»), Фома (М. Достоевский, «Степанчиков кыш-тагы») ж. б. Ал түзгөн образдар курч мүнөздүүлүгү, сатиралык өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Н. Пого-диндин «Кремль куранттарында» В. И. Лениндин образын түзгөн. Г. киноактер катары да белгилүү: Атасы (А. Чехов, «Үйлөнүү тою»), Не-хода («Ажырашпас достор») ж. б. СССР мамл. сыйл. (1942, 1946, 1951, 1952) лауреаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган.

Ад.:   Кульганек Э. Р., Народный артист СССР Алексей Николаевич Грибов, М., 1952.

от 2020