[6 (19). 12. 1910-ж. т.]—орус совет жазуучусу, коомдук ишмер. Соц. Эмг. Баатыры (1974). 1943-жылдан КПСС мүчөсү. «Түндүк-Батыш» (1935), «Согуш жолдору менен» (1945) ж. б. ыр жыйнактарынын автору. Г-го ««Большевик» колхозу» (1947), ««Победадагы» жаз» (1948) поэмалары үчүн СССР мамл. сыйлык-тары (1948, 1949) ыйгарылган. «Август жылдыздары» (1958), «Түнкү добул» (1964) ж. б. белгилүү аңгеме жыйнактары Г-дун калемине таандык. Г. публицист катары да белгилүү. Айрым ырлары кыргыз тилине которулган. РСФСР Жог. Советинин (5—8-шайл.) депутаты. Г. Октябрь Революциясы ордени, башка 6 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Грибачев Н. М., Поэма жана ырлар (которгон А. Токтакунов), Фр., 1956.

от 2020