[4(17). 10. 1903, Голодаевка кыш., азыркы Куйбышев кыш., Матвеево-Курганск р-ну, Ростов обл. — 26. 4. 1976, Москва]— Сов. Союз. Маршалы (1955), эки жолу Сов. Союз. Баатыры (1. 2. 1958 ж-а 16. 10. 1973). 1928-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1919-жылдан Сов. Армияда 1-атчан армиянын составында Гражд. согушка катышкан. Атчан аскер мектебин (1926), М. В. Фрунзе атн. Аскер ака-дөмиясын (1936) ж-а Генеральный штабдын Аскер академиясын (1941) бүтүргөн. Улуу Ата мек. согуштун башталышында Түш. фронтунун 34-атчан аскер дивизиясына, 1942-ж. январынан 5-атчан аскер корпусуна командачылык кылган. 1942-ж. апр.— августта Донбасс м-н Түн. Кавказда коргонуу согуштарын жүргүзгөн 12-армияга, 1942-ж. сент. — декабрда Новороссийск ж-а Туапсе багыттарын-дагы 47- ж-а 18-армияларга командачы. 1943-ж. янв.—октябрда Түн. Кавказды бошотууга катышкан 56-ар-миянын командачысы, 1943-ж. ок-тябрдан 1-Украина фронтунун коман-дачысына орун басар. 1943-ж. декабр-дан согуштун акырына чейин Украи-наны, Польшаны ж-а Чехосл-яны бошотууга катышкан 1-гвард. армиянын, 1945—53-ж. Киев аскер округунун командачысы. 1953—57-ж. Германияда-гы сов. аскерлер тобунун башкы командачысы. 1957-ж. ноябрдан СССР коргоо министринин биринчи орун басары ж-а Кургактагы аскерлердин башкы командачысы. 1960-ж. апрел-ден СССР коргоо министринин биринчи орун басары ж-а 1960-ж. июнунан 1967-ж. июлуна чейин Варшава дого-воруна катышкан өлкөлөрдүн Бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, 1967-жылдын апрелинен СССР коргоо министри. 1952—61-ж. КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1961-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. 1973-жылдын апрелинен КПСС БКнын Саясий бюросуна мүчө, СССР Жог. Советинин (2—9-шайл.) депутаты. Ал- ты Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени, 2 биринчи дараж. Суворов, эки 1-дараж. Кутузов, 2-дараж. Суворов, 1-дараж. Богдан Хмельницкий ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. О. эле көп сандаган чет өлкө орден-дерине татыктуу болгон.

Чыг.:  Битва за Кавказ, 2 изд., М., 1969; Через Карпаты, М., 1970; Годы войны 1941—1943, М., 1976.

от 2020