ГРЕЧИХА

от2020

Ноя 29, 2020

(Fagopyrum), кара күрүч—гречиха тукумуна кирүүчү бир ж-а көп жылдык өсүмдүк. Анын дүйнөдө 4—5, СССРде 3 түрү: эгилме же азык Г., жапан татар Г-сы ж-а көп жылдык жарым бадал Г. белгилүү. Г-дан ун ж-а акшак тартылат. Да- нында 10—16% белок, 60—80% крахмал, 0,3—0,5% кант, 2,5—3% май, 12—16% клетчатка, адамга пайдалуу минералдуу туздар (темир, кальций, фосфор, жез, цинк) ж. б. болот. Ал РСФСРдин борб. кара топурактуу областтарында, БССР, УССР, Башк-н, Тат-н, Чыгыш Сибирь, Ы. Чыгыш ж. б. жерлерде айдалат. Г. топурак жетишерлик жылыганда эгилет. Ал нымдуу, кумдак топуракта жакшы өсөт. Алдыңкы агротехника туура колдонулуп, маалында сугарылса, Г. гектарынан 20 ц ге чейин түшүм берет.

 

от 2020