ГРЕК-БАКТРИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ

— О. Азиядагы кул ээлик мамлекет. Анын карамагына адегенде Бактрия, Сог-дия, Маргиана (балким Шаш м-н Фергананын бир аз бөлүгү да) кирген. Начарлаган Селевкилер мамлекетинен О. Азиядагы ээликтери бөлүнүп чыкканга байланыштуу б. з. ч. 250-ж. ченде пайда болгон. Г.-Б. п-н Бактрияпын акими Дио-дот негиздеп, өзүн падыша жарыялаган. Деметрий 1нин тушунда Г.-Б. п-нын терр-ясы бир кыйла кеңейген, бирок ал ичинен ыдырап, б. з. ч. 175-ж. Г.-Б. п. ж-а Грек-Индия падышалыгына бөлүнгөн. Г.-Б. п-ндагы бийликти Евкратид тартып алган. Б. з. ч. 175-ж. ченде Евкратид олтүрүлүп, анын О. Азиядагы жери Бактрия м-н гана чектелип калган. О. Азия элдеринин улуттук-бошт. кыймылы күчөп, түн.-чыгыштан юечжей көчмөн уруулары басып кирип, натыйжада б. з. ч. 140—130-жылдары Г.-Б. п. кулап, анын ордуна Кушан падышалыгы пайда болгон. Г.-Б. п. О. Азия элдеринин тарыхында чоң мааниге ээ болгон: анын тушунда кул ээлик мамилелер өөрчүп, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, соода өнүккөн. Бактрия тарыхта «1000 шаардуу өлкө» деп аталган. Байыркы Греция, Индия ж-а О. Азия элдеринин мад-тынын аралашмасынан ошол кезде өз алдынча чыгыш эллиндик мектеп пайда болуп, О. Азия м-н Борб. Азиянын маданий өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон.

Ад.:   История Узбекской ССР, т. 1, кн. 1, гл. 4, Таш., 1955; Дьяконов М. М., Сложение классового общества в Северной Бактрии, в сб.: Советская археология, т. 19, М., 1954.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *