ГРЕЙДЕР

(англ. grader, grade — теңдөө, тегиздөө) — жер тегиздөөчү ж-а казуучу машина. Жол салуу, оңдоо, арык ж-а жол тилкелерин казуу, тазалоо, тегиздөө жумуштарым колдонулат. Г-дин кыртышты казуучу ж-а шилеп ташуучу тилгич м-н жабдылган каңтаргычы бар. Каңтаргыч-ты ар кандай бийиктикте ж-а кыйгач коюуга болот. Г-дин тилгичинин уз. 2,5—4,5 м. Г-дин чиркеме ж-а өзү жүрүүчү (автогрейдер) түрү бар. Көбүнчө өзү жүрүүчү Г. пайдаланылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *