ГРАЦ

— Австриядагы Штирия про-винциясынын адмии. борбору. Штирия Альпысынын түш.-батышында. Калкы 253 миң (1968). Геогр. ыңгайлуу абалына байланыштуу борб. Европадагы шаарларды Адрия деңи-зи м-н байланыштырып турган негизги транспорт тоомуна айланган. Экон. мааниси б-ча өлкөдөгү экинчи шаар (Вена ш-нан кийин). Транспорт ж-а а. ч. машиналарын куруу, тоо-кен, металлургия жабдууларын чыгарат. Химия, айнек, булгаары, тамак-аш, кездеме ө. ж-лары ж-а ун-т (1586), 15—17-к-дагы арх-ралык эстеликтер бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *