[14(26). 12. 1869, Двинск, азыркы Даугав-пилс — 30. 4. 1949, Ленинград] — сов. илимпоз-энергетик ж-а инженер, ата мекендик гидроэнергия курулушун баштоочулардан, СССР ИАнын акад. (1932). Одессадагы Новороссийск ун-тин (1892) ж-а Петербург инженер-дик жол катнаш ин-тун (1896) бүтүргөн. 1900—17-жылдарда т. ж-ду долбоорлогон ж-а курган. Петербург-да трамвай линиясын курууга активдүү катышкан. Крым м-н Закавказье-деги т. ж-ду электрлештирүүнүн долбоорун түзгөн. 1907-жылдан Петербург электртех. ин-тунда окутуучу (1921-жылдан проф.). ГОЭЛРО планын түзүү б-ча комиссиянын мүчөсү болгон. 1918—20-ж. Волхов ГЭСинин башкы инженеринин жардамчысы, 1921—27-ж. башкы инженер, анан Нижнесвирск ГЭСин курууга жетекчилик кылган. 1938—45-ж. СССР электр станциялар мин-восунун гид-роэлектр станңияларын куруу б-ча инспектору. Улуу Ата Мек. согуш жылдарында өлкөнүн кайра калыбына келтирилип жаткан райондорунда гидроэнергетиканы өнүктүрүү б-ча зор иштерди жүргүзгөн. Ленин ордени ж-а Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. Нижнесвирск ГЭСи Г-нун ысмына коюлган.

от 2020