— математикалык объектилерди талдап изилдөөдө геом. жолду пайдалануучу бөлүгү. Графтар чекиттердин (чокулардан) ж-а аларды бириктирүүчү кырлардын (байланыштардын) тобунан турат. Алсак, Кырг-ндагы шаарлар (чоку-лар) ж-а аларды бириктирүүчү жолдор (графтын кырлары); электр схе-масынын элементтери ж-а аларды бириктирүүчү өткөргүчтөр ж. б. граф-тарга мисал боло алат. Г. т-нда кырларына белгилер коюлган ж-а уюл деп аталуучу өзгөчө чокулары белгиленген графтар каралат. Мис, бир шаардан экинчисине баруучу бир нече т. ж. тармагында ар бир станциянын аралыгы белгиленет, бул эки шаар графтын уюлдары деп белгиленет. Л. Эйлер дин (1736) матем. баш катырма ж-а кызыктуу маселелерди чыгаруудагы эмгеги Г. т. б-ча биринчи эмгектерден деп эсептелет. 20-к-дын 2-жарымында кибернетика-нын ж-а эсептөө техникасынын пайда болушу м-н Г. т. да кеңири пайдаланыла баштады. Ал теория эсептөөчү машиналарды түзүүдө, программа түзүү теориясында, физ., хим., технол. процесстерди талдап изилдөөдө, пландоо маселелерин чечүүдө ж. б. пайдаланылат. Г. т-нын маселелери көп варианттарды салыштыруу м-н чыгарылгандыктан эффективдүү алгоритм түзүү ж-а бат эсептөөчү машинаны колдонуу талап кылынат.

Ад.; Зыков А. А., Теория конечных графов, т. 1, Новосибирск, 1969.

от 2020