ГРАФИТ

от2020

Ноя 29, 2020

(нем. Graphit, гр. grapho — жазам) — минерал, таза көмүртектин (С) жер кыртышындагы эң туруктуу кристаллдык модификациясы. Гексаген системасында кристаллданат. Өңү темирдей кара, бозомук. Металл сыяктуу жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 1 (катмарланганда 5,5). Салышт. салм. 2,26. Электр тогун жакшы өткөзөт. Кислотага туруктуу. Кагазга жазылат, колго оңой жугат. Г. жер бетинде кеңири тараган ж-а көпчүлүк учурда анын ири жыйындысы (кени) пайда болот. Г. пегматит, скарн ж-а жанар тоо тектериндө жог. темп-ранын таасиринен пайда болот. W, Ай м-н бирге кварц тарам-дарында, орт. темп-ралуу коргошун-цинк кендеринде ж. б-да кезигет. Бирин-серин кабырчык ж-а калың катмарлар түрүндө метаморфизмдёлген тоо тектерде, тарамдар — гнейстерде кеңири таралган. Ал метеориттердин составында да болот. Түзүлүшү б-ча айкын кристаллдуу ж-а көмүскө кристаллдуу Г. болуп бөлүнөт. Айкын кристаллдуу Г-тин кендери магмалык тоо тектери же кристаллдуу сланецтерге байланыштуу. Мында руда Г-тин көз м-н эле же микроскоптон көрүнүүчү ири крис-таллдарынан турат. Кристаллдуу сла-нецтердеги Г-тин өлчөмү 3—20%, кээде андан да ашат. Бул кендерден Г. флотация жолу м-н бөлүнүп алынат. Көмүскө кристаллдуу Г-тин кендери көмүрдүн метаморфизмде-нишинен пайда болот. Кенде көмүр-тек 60—85%ке жетип, Г. руда кабат-тарынан түздөн-түз алынат. Г. жасалма жол м-н да алынат. Г. отко чыдамдуу материалдарды даярдоодо, калем жасоодо, типогр. боек ж-а кытай тушун алууда, электр техника-сында, атом ө. ж-нда ж. б-да кеңири колдонулат. Г. казып алуу б-ча СССР, Чехосл-я, Түш. Корея, Мексика, Австрия, ГФР алдыңкы орундарды ээлейт.

от 2020