ГРАФИК БОЮНЧА ЭСЕПТӨӨ

— ар ТҮРДҮҮ маселелердин сандуу чыгары-лыштарын график түзүү жолу м-н табуу методу. Г. б. э-дө функциянын графиги колдонулат. Г. б. э-нүн артыкчылыгы жөнөкөй ж-а көрсөтмө-лүүлүгүндө, кемчилдиги — алынуучу жооптордун анчалык так эместигин-де. Практикада Г. б. э-нүн тактыгы жетиштүү. Г. б. э-нүн жардамы м-н сандардын суммасы, айырмасы, ко-бөйтүндүсү, тийиндиси, бүтүн даражасы табылат. Мис, көбөйтүү ж-а бөлүү амалдары Г. б. э-нүн жардамы м-н төмөнкүдөй аткарылат: бурч-тун жактарына узундуктары а:1=с:в (1) шартты канаттандыргандай 1, а, в ж-а с кесиндилерин ченеп коебуз (1-чийме). Анда (1) ден келип чыккан с = ав же в=с/о барабардык-тары эки сандын көбөйтүндүсүн же тийиндисин берет. Санды графиктен П I жардамы м-н даражага көтөрүү үчүн көбөйтүүнү удаалаш кайталоо керек. f(x)=0 тецдемени график б-ча чыгаруу үчүн у = ](х) функциясынын гра-фигин түзүп, анын Ох огу м-н кеси-лишкен чекиттеринин абсциссаларын табуу жетиштүү. Бул абсциссалар теңдеменин тамырларын берет. Көздө теңдемени ^\(х) = ^(х) түргө келтирип, у = щ(х) ж-а y = (f2(x) ийри сы-зыктарын чийүү чыгарылышты табууну жеңилдетет. Бул ийри сызык-тардын кесилишкен чекиттеринин абсциссалары теңдеменин тамырлары болот (2-чийме). Г. б. э-нүн жардамы м-н функциянын туундусу, анык интегралы да табылат. Мындан тышкары Г. б. э. дифференциал теңде-мелердин чыгарылыштарын табууда да колдонулат.

Ад.:   Го лов нин Д. Н., Графическая математика, М.— Л., 1931.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *