— 1) Байыркы Афиныда 7ден 12 жашка чейинки эркек балдарды окуу, жазуу ж-а эсепке үйрөткөн башталгыч мектеп; 2) Байыркы Римде патри-цийлер м-н атчандардын (античный мамлекеттердеги эл катмары) балдарына латын грамматикасын, рим ад-ты м-н грек тилин окуткан, башталгыч мектептен жогорураак мектеп; 3) Россияда 17-к-да кээ бир монас-тырлардын мектеби, аларда античный ад-т, байыркы грек ж-а латын тилдери окутулган; 4) Улуу Брита-нияда, Британия ынтымагындагы кай бир өлкөлөрдө жалпы билим берүүчү орто мектеп. Г. м. Англияда 7-к-да пайда болуп, 16-к-да англ. ак сөөктөрдүн мектебине айланат. 1902-ж. мектеп ж-дөгү закон б-ча мамл. мектеп системасына кирет. Г. м-ке башталгыч мектепти бүткөндөр алынат. Окуу мөөнөтү 7 (кээде 8) жыл, аны бүткөндөр жог. окуу жайларына эк-заменсиз өтөт. Англияда жүргүзүлгөн мектеп реформасына байланыштуу өлкөнүн бир катар штаттарында Г. м. акырындык м-н бирикме орто мектептердин составына кошулууда.

от 2020