— капиталдык курулуш тармагы. Ал негизинен эл чарбасынын өндүрүшкө тиешесиз объектилерин: турак үй, мектеп, соода ж-а коомдук тамактануу, турмуш-тиричилик, коммуналдык тейлөө ишканаларын, маданий мекеме имараттарын тургузууга багытталат. Бул тармактын социал- дык мааниси чоң, анткени ал тикеден тике тиричилик шартына таасир тийгизет. Турак үй куруу м-н катар агартуу, саламаттык сактоо, маданий жактан тейлөө, аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү, шаар куруу ж-а жайгаштыруу маселелери чечилет. 1966-жылдан өлкөдө жылына болжол м-н жалпы аянты 100 млн м2 ден ашык үй-жай пайдаланууга берилет. Курулуш ишинин кеңири кулач жайыты аны индустриялоого байланыштуу. Курулушту индустриялоо-нун өз кезегинде үйлөрдү типтешти-рүү, курулуш материалдарын унифи-кациялоо, стандартташтырууга, о. эле КУРУПУШ индустриясын, курулуш материалдар ө. жайын өнүктүрүү м-н адистештирүүгө негизделет. Турак жай курууну индустриялоо ишти бирдиктүү технология м-н үзгүлтүксүз уюштурууга алып келди, б. а. курулуш конструкцияларын ж-а тетиктерин камдоодон баштап, үйдү толук куруп бүткөнгө чейин курулуш жумушу тынымсыз жүргүзүлүп калды. Жаңы комплекстүү курулуш ө. ж. ишканалары, уй куруу комбинаттары пайда болду. Элдин акчалай кирешеси өскөн сайын биргелешип турак жай куруу кеңейүүдө. Кырг-ндын шаар ж-а айыл-кыштак-тарында турак жай курулушу жыл сайын өсүүдө. Тогузунчу беш жылдыкта респ-канын эмгекчилери 6,0 млн м2 турак жай алды.

Aд.: КПССтин XXV съездинин материалдары, Фр., 1976; Родин Ю. М., Жилищное строительство в СССР, М., 1970*

от 2020