— өлкөнүн ичиндеги таптар м-н социалдык топтордун мамл. бийлик үчүн уюткан түрдөгү куралдуу күрөшү; тап күрөшүнүн өтө курч формасы. Тарыхта Г. с-тун көп түрлөрү ж-а типтери болгон: кул көтөрүлүштөрү, дыйкан согуштары, партизан согуштары, элдин өкмөткө каршы куралдуу күрөшү ж. б. Пролет, рев-янын доорунда, В. И. Ленин көрсөткөндөй, «…тап күрөшү чыныгы граждандык согушка чейин, б. а. элдин экиге бөлүнүп жүргүзгөн куралдуу күрөшүнө чейин өөрчүп чыгат» (Ленин В. И., Чыт., кырг. 1-бас, 11-т, 221-6.). Мындай согуштар адилеттүү согуш болуп, эзилген тап өзүнүн эркиндиги үчүн реакциячыл, күнү бүткөн тапка ж-а анын талапкерлерине каршы күрөшөт (к. Россиядагы граждандык согуш жана чет өлкөлуп интервенция 191820). «Ар кандай шартта Г. с. керек» деген «солчул» ревизионисттердин талабын марксизм-ленинизм четке кагат. Г. с-тун пайда болушу реакциячыл таптардын каршылык көрсөтүүчү күчтөрүнө байланыштуу. Соц. рев-яда конкреттүү тарыхый шартка ылайык күрөштүн ар түрдүү фермаларынын болушу мүмкүн. СССРде ж-а айрым соц. өлкөлөрдө пролет, диктатурасы Г. с. аркылуу орнотулду. Бирок бир топ соц. өлкөлөрдө жумушчу табы өз бийлигин гражд. согушсуз эле орнотту. Азыркы мезгилде дүйн. коммунисттик кыймылдын башкы багыты — соц. рев-яны тынчтык жол м-н өөрчүтүү. Азыр соц. рев-яны тынчтык жол м-н Г. с-суз ишке ашыруу үчүн мурдагыга караганда көбүрөөк ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

от 2020