— Жердин өлчөмүн ж-а кебетесин (фигурасын) аныктоо үчүн жер бетинде өтө тактык м-н аткарылуучу астр-ялык ж-а геодез. өлчөө. Жердин шар түрүндө экендиги белгилүү болгондон тартып Г. ө-нүн геом. негизи түзүлгөн ж-а ал астр-я, геодезия, география, картография илимдери үчүн Жер шарынын радиусун аныктоо зарылдыгынан келип чыккан. Алгачкы Г. ө. эки чекит аралыгындагы меридиан жаасы-нын сызыктуу узундугун өлчөө ж-а ошол эле чекиттердин геогр. кеңдик-теринин айырмасын астр-ялык байкоо жолу м-н аныктоодон турган. Мында Жер шар формасында деп каралып, анын меридианынын градустук узундугу ж-а өлчөмү аныкталган. Тарыхта алгач ирет Жер шарынын радиусун Г. ө. методу м-н грек окумуштуусу Эратосфен (б. з. ч. 250-ж. чамасында Египетте жашаган) өлчөгөнү белгилүү. Кийин, 18-к-дын башталышында Жер сфероид формасында, ал эми кыймылы эллипсоиддин айлануусуна жакын экени аныкталды. Г. ө. маселеси Жердин экватордук, уюлдук ра-диустарын ж-а анын кысылышын аныктоодон келип чыкты. Мындай маселелерди чечүүдө бирден бир зарыл шарт меридиандын эки жаасын градустук өлчөө же ар түрдүү кең-дикте жайгашкан параллелдер жүргүзүлөт. Жердин кебетеси чынында өтө татаал, аны так эллипсоид катары кароого болбойт; анын келбетин матөм. түрдө белгилөө үчүн геоид сунуш кылынган. Г. ө. маселесинде геоидге өтө жакын болгон жер сфе-роидинин өлчөмүн аныктоо ж-а ал сфероидден геоиддин айырмасы үйрө-нүлөт. Сызыктуу өлчөмдөгү жер бетинен тандап алынган пункттардын арасындагы аралык триангуляция методу м-н ченелет, мис, кеңдик ж-а узундукту аныктоо үчүн бул пункттар астр-ялык байкоого алынат. Бул учурда пункттардын арасындагы аралыкты градустук ченде эсептөөгө мүмкүнчүлүк болот. Мында ал райондогу геоид фигурасын мүнөздөөчү дал келген жаалардагы ийрилик радиусу эсептелет. Г. ө-лөрдүн натыйжасында топографиялык карталар-дын (к. Топография) негизи — астр-ялык-геодез. торлор түзүлөт.

Ад.:   Изотов А. А., Форма и размеры Земли по современным данным, «Тр. Центрального научно-исследовательского ин-та геодезии, аэросъемки и картографии», 1950, в. 73.

от 2020