ГОЭЛРО

— Совет өлкөсүн электрлештирүү аркылуу эл чарбасын өнүктүрүүнүн, социализмдин өндүрүштук-тех. базасын түзүүнүн ил. жактан негизделген туңгуч перспективалуу планы. Планды 1920-ж. Россияны электрлештирүү б-ча мамл. комиссия (ГОЭЛРО — Государственная комиссия по электрификации России) В. И. Лениндин тапшыруусу ж-а же-. текчилиги м-н иштеп чыккан. Комиссиянын ишине илим м-н техниканын 200дөн ашык ишмери катышкан. В. И. Ленин Советтердин Бүткүл россиялык 8-съездинде жасаган док-ладында ГОЭЛРО планын партиянын экинчи программасы катары эсептеп, «коммунизм дегенибиз совет бийлиги, плюс бүткүл өлкөнү электрлештирүү болуп саналат», — деген (В. И. Ленин, Чыт., кырг. 1-бас, 31-т., 572-6.). Съезд планды бир добуштан бекиткен. ГОЭЛРО планы 10—15 жылга эсептелип, 30 электр станциясын (20 жылуулук ж-а 10 ГЭС) куруу белгиленген. Алардын жалпы кубаттуулугу 1750 миң кет болмок. ГОЭЛРО планы мөөнөтүнөн мурда ашыгы м-н аткарылып, өлкөдө 1935-жылдын аягында ЗОдун ордуна 40 электр станция курулган. 1947-жылдан бери СССР электр энергиясын өндүрүү жагынан Европада биринчи, дүйнөдө экинчи орун ээлейт. СССРде дүйнөгө белгилүү ГЭСтер ж-а жылуулук электр станциялары (ТЭЦ) пайда болду. Мис, Красноярск ГЭСи, Улуу Октябрдын 50 жылдыгы атн. Братск ГЭСи ж. б. Өлкөнүн Европа бөлүгүндө дүйнөдөгү эң ири бирдиктүү энергетика системасы түзүлдү. Кырг-нда Ат-Башы, Үч-Коргон, Токтогул ГЭСтери, Аламүдүн каскады, Фрунзе ТЭЦи ж. б. станциялар бар.

Ад.:   С т е к л о в В. Ю., В. И. Ленин и электрификация, М., 1970; Электрификация СССР, под общей ред. П. С. Непорожнего, М., 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *