[18 (30). 6. 1873 — 17. 12. 1943] — сов. тарыхчы ж-а археолог, СССР ИАнын. акад. (1939, корр. мүчөсү, 1922). Москваун-тинин тарых-филол. ф-тетин (1895) бүтүргөн. 1903—15-ж. ошол ун-ттин приват-доценти, • 1915—41-ж. проф. Муну м-н катар Г. Москвадагы Аялдардын жог. курсунда (1902—18), Чыгыш элдеринин ин-тунда (1928— 30) ж. б. окуу жайларда иштеген. 1898—1930-ж. В. И. Ленин атн. Бүткүл союздук калк китепканасынын ил. секретары, кийин директорунун ■ орун басары. Г.— 180ден ашуун ил. эмгектин автору. Ал эмгектеринде негизинен 17—18-к-дагы Россия, славян ж-а Чыгыш Европадагы мад-т мурас тарыхтарын изилдеген. Г. жог. окуу жайлары үчүн «СССР тарыхы» деген биринчи окуу китебин (1-т., 1939) жазышкан.

от 2020