ГОТИКА

от2020

Ноя 29, 2020

 (герман уруусу готтордун атынан коюлган), готика стили—Чыгыш, асыресе Батыш ж-а Борб. Европа өлкөлөрүнүн о. кылымдагы (12-к-дын ортосу м-н 15— 16-к- Готика храмынын интерьеришга эволюциясы. 1. Адепки готика. Франция (Париж теңир эне собору). 2. Жетилген готика. Франция (Реймстеги собор). 3. Соңку готика. Англия («кооз стиль», Гисборо аббаты). 4. «Перпендикуляр готика». Англия дын аралыгы) иск-во өнүгүшүн жыйынтыктоо этабы болгон көркөм стиль. Адегенде «Г.» терминин Кайра жаралуу доорунун гуманисттери бүткүл о. кылым иск-восун кемсинтүү маанисинде колдонушса, 18-к-дын аягындагы иск-вонун алдыңкы ишмер-лери Г-лык стилдин көркөм маанисин туура баалашкан. Г. иск-восу феод. дин идеологиясынын күчтүү таасиринде пайда болгону м-н ага катар элдик-реалисттик салттар да өнүккөн. Г. стили арх-рада (көбүнчө чиркөөдө) кеңири колдонулган. О. кылымда Батыш Европа өлкөлөрүндөгү бир катар шаарлар ж-а чөптөр Г. стилинде курулган. Соборлору адатта скульптура ж-а чегилген таштар м-н кооздолгон. Г. арх-расында табынуу-чу жай гана эмес, коомдук мааниге ээ болгон турак үй, сепил ж. б. курулуштар маанилүү роль ойногон. Г. Францияда (Париж, Реймстеги соборлордо) мыкты өнүккөн. О. эле ал Германия, Нидерланд, Англия, Испания, Италия ж. б. өлкөлөрдө да таралган. Г. эстеликтери Чехосл-я, Польша, Венгрия, Хорватия, Слове-нияда ж-а СССРдин батыш респ-ка-лары м-н обл-тарында сакталган. 15—16-к-да Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Г-ны Кайра жаралуу иск-восу сүрүп чыгарган.

Ад.:   Всеобщая история искусств, т. 2, кн. 1, М., I960-; Всеобщая история архитектуры, т. 4, Л.— М., 1966.

 

от 2020