[17 (29). 1. 1868, Выкса с, азыркы Горький обл.— 21. 9. 1935, Москва] — сов. илимпоз, а. ч. техникасы ж-дөгү илимди негиздөөчү. СССР ИАнын ардактуу мүчөсү ж-а ВАСХНИЛдин анык мүчөсү (1932), илимге ж-а техникага эмг. сиң. ишмер (1935). Москва ун-тинин физ.-матем. ф-тетин (1890), Москва жог. тех. окуу жайын (1894) бүтүргөн. 1896-жылдан Москва а. ч. ин-тунда (МСХИ, азыркы К. А. Тимирязев атн. а. ч. академиясы) окутуучу, проф. (1913). Г. 1919—20-ж. а. ч. академиясынын ректору. 1929-hj. Бүткүл союздук а. ч. механика ин-ту-нун директору. 1931-ж. Г-дин демилгеси м-н а. ч-сын механикалаштыруу б-ча Бүткүл союздук ил. из. ин-ту уюштурулуп, анда өмүрүнүн акырына чейин окумуштуулар советинин пред-ли болгон. Г. а. ч. машиналары ж-дөгү азыркы кездеги илимге негиз салып, соко, молотилка барабаны, инерция күчүнүн тең салмагы ж-дөгү жалпы теорияны, а. ч. машиналарын экспе-рименттик жактан изилдөө ж-а сыноонун жаңы ил. методдорун иштеп чыккан. Ал чөп чапкыч, эгин оргуч ж-а боолагыч машиналардын чийме-си түшүрүлгөн алгачкы атласты түзгөн. Г.— ЗООдөн ашык ил. эмгектин автору. 1965-ж. анын үч томдук чыгармалар жыйнагы басмадан чыккан. 1968-ж. туулганына 100 жыл толушу-на байланыштуу а. ч. машиналарын КУРУУ б-ча Бүткүл союздук ил. из. ин-туна ж-а Москва а. ч. өндүрүшүнүн инженердик ин-туна анын ысмы коюлган. А. ч. техникасы жагынан эң мыкты иштерге В. П. Горячкин ыс-мындагы медаль берилет.

Ад.:   Дубровский А, А., Академик В. П. Горячкин, М., 1960,

от 2020