ГОРЬКИЙ

от2020

Ноя 29, 2020

 (1923-жылга чейин—Нижний Новгород)— РСФСРдин Горький обл-нын борбор шаары. Ока м-н Волганын кошулган -жеринде. Калкынын саны б-ча РСФСРде 3-орунда (Москва, Ленинграддан кийин); 1260 миң (1974). М.Горъкийдин чыг-лык ишинин 40 жылдыгына байланыштуу анын ысмынан коюлган. Г-ди Владимир князы Юрий Всеволодович 1221-ж. Нижний Новгород деген ат м-н негиздеген. 1350-жылдан Суздаль-Нижегород княздыгынын борбору. Бара-бара ири соода ж-а маданий борборго айланган. 1392-ж. Москвага кошулган. Казан хандыгына каршы күрөшүүдө Рустун таяныч чеби. Н. Новгород 1611—12-ж. поляк интервенттерине каршы К. Минин м-н Д. Пожарскийдин элдик опол-чениесин түзүүнүн борбору бол- гон. 1880-жылдарда бул шаарда алгачкы жумушчу кружоктор у пайда болуп, 1891-ж. Курбатов з-дунда маркстик 1-кружок түзүлгөн. 1901-ж. Нижегород с.-д. комитети уюштурулган. Н. Новгороддун жумушчулары 1905—07-жылкы рев-яга, Улуу Окт. соң. рев-ясына, 1918—20-ж. Гражд. согушка активдүү катышкан. Г-де Совет бийлиги 1917-ж. 28-октябрда, (10-нояб.) орногон. Соц. курулуштун жылдарында өлкөнүн ири индустр. ж-а маданий борборуна айланды. Улуу Ата Мек. согуштун (1941—45) убагында ал Сов. Армиянын эң маанилүү арсеналы болуп турду. Н. Новгород — И. П. Кулибин, Н. И. Лобачевский, М. Горький, Я. М. Свердлов сыяктуу көрүнүктүү адамдардын мекени. Г.— ири транспорт тоому; дарыя порту, аэропорту бар, СССРдин эң маанилүү ө. ж. борборлорунун бири. Ө. ж-нын башкы тармактары — транспорттук машина куруу (Горький автомобиль заводу ж. б.) ж-а станок чыгаруу. Кеме куруучу «Красное Сормово», авиация, фрезердик станок з-ддору ж. б. ири ө. ж. ишканалары иштейт. 1957-ж. Альметьевск — Горький газ жүргүчү курулган. Нефть, жыгач иштетүү, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж-лары өнүккөн. Шаар энергияны Горький ГЭСи (кубаты 400 миң кет) ж-а Балахна ГРЭСинен (чым коң м-н иштейт) алат. 16—18-к-дын арх-ралык эстеликтери: Архангельск собору, кремль, Благовещенск монастыры ж. б. 17—18-к-да классицизм стилиндеги имараттар курулат. Совет мезгилинде Советтер үйү, цирк, аэровокзал ж. б. ири курулуштар пайда болду. В. И. Ле-нинге (1970, скульптор Ю. Н. Нерода, арх. В. В. Воронков), В. П. Чкаловго (1940, скульптор П. А. Менделевич, арх. В. С Андреев), М. Горькийге (1952, скульптор В. И. Мухина) эстеликтер тургузулган. Шаарда ун-т, 9 ин-т ж-а 22 атайын орто окуу жайы, 5 театр, 4 музей (анын ичинде Горький атн. адабий музей) бар. Г. Ленин ордени м-н сыйланган (1970).

от 2020