ГОРЬКИЙ Максим

(өз аты-жөнү — Алексей Максимович Пешков) [16 (28). 3. 1868, Н. Новгород, азыркы Горький ш. —18. 6. 1936, Москва жанындагы Горки] —орус совет жазуучусу, социалисттик реализм ад-тынын негиз салуучусу, совет ад-тынын баштоочусу. Ата-энесинен эрте ажырап, өспүрүм чагынан «көрүнгөндүн колунда» жүргөн. Өз алдынча билим алган. Народниктердин жашырын ий-римине катышып, жумушчу-дыйкан-дар арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн. 1889-жылкы камактан кийин полициянын көзөмөлүнө түшкөн. 1888—89- ж-а 1891—92-ж. Россиянын көп жерин кыдырып чыккан. Эң алгачкы жарык көргөн аңгемеси—«Макар Чудра» (1892). 90-жыл-дардагы очерк, аңгемелеринде мещан-дарды ашкерелеп, жарды-жалчы м-н жумушчулардын мүдөөсүн жактаган. Реалисттик аңгемелеринде («Коновалов», «Челкаш» ж. б.) жаңы социал-дык-саясий аң-сезимдин белгилерин, жекече бунтарлыктын түбү боштугун көрсөткөн. Жаш Г-дин айтылуу алле-гориялык, романтикалык образдары («Изергиль кемпир», 1895; «Шумкар жөнүндө ыр», 1899; «Бороон кабарчысы жөнүндө ыр», 1901) рев-ялык пафоско жык толгон. Идеялык-коомдук изденүүлөрү 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында Г-ди марксизмге алып келет. Ошол учурдагы Г-дин романдары ‘ м-н пье-саларында соң. реализм калыптана баштайт («Фома Гордеев», 1899; «Үчөө», 1900). 1899—1900-ж. Л. Н. Толстой ж-а А. П. Чехов м-н таанышат. Алар Г-дин талантына жогору баа беришет. Рев-я күчөгөн жылдарда анын пьесаларынын Москва көркөм театрында коюлушу коомдук зор окуяга айланып, падышачылыкка каршы ма-нифөстациялардын чыгышына себеп болот. «Мещандар» (1901) пьесасын-да орус жумушчусу биринчи жолу тарыхтын жаңы каарманы катары көрсөтүлсө, «Түпкүрдө» (1902) пьеса-сы м-н «Адам» (1903) лирикалык поэ-масында христиандык гуманизм ж-а көңүл жубатуучу — жалганчылык аш-кереленип, адамдын улуулугу, чыгармачыл эс-акылы даңазаланат. 1905-ж.. рев-ялык иши үчүн Г. Петропавловск чебине камалып, андан дүйн. коомчулуктун кысымы м-н бошотулат. 1905-ж. большевиктер партиясына кирет. Болыпевиктердин туңгуч легалдуу газетасын («Новая жизнь») уюштурууга катышат. 1905-ж. 27-ноябрда Петербургда В. И. Ленин м-н биринчи ирет жолугушат. 1905—07-ж. рев-я мезгилинде соң. реализмдин белгилүү чыг-лары «Душмандар» пьесасын ж-а «Эне» романын жазат. «Душмандарда» иш таштоо күрөшү саясий күрөшкө өсүп чыгып, болыпевиктердин таасири эл арасында күчөп баратканы көрсөтүлсө, «Энеде» партия жетектеген пролетариаттын социализм үчүн күрөшү ж-а бул күрөштө жаңы адамдын жаралышы көркөм ад-тта биринчи жолу сүрөттөлөт. Г. 1907-ж. Лондондо партиянын 5-съездине катышып, «Эне» романы тууралуу В. И. Ленинден мактоо сөздөр угат. «Эне» көп тилдерге которулуп, миллиондордун колунан түпгпөс китеби болуп калат. 1906—13-ж. Г. Италияда (Капри а-нда) жашайт. Реакция жылдарында айрым идеялык мүчүлүштөр кетирет. Г-ге жазган каттарында В. И. Ленин анын мүчүлүштөрүн катуу сынга алып, маркстик позицияда бекем ту-руусуна жардам берет. Г. 1910-жылдарда «Италия жөнүндө жомокторун» (1910—11), «Бала чак» ж-а «Көрүнгөндүн колунда» (1913— 16) таржымал повесттерин жазат. Ал 1913-ж. Россияга кайтып келет. Боль-шевикчил «Звезда», «Правда» газета-ларына ж-а «Просвещение» журналынын ишине катышат. 1914-жылкы дүйн. согушту айыптап, ага каршы «Летопись» журналын негиздейт. 1918—21-ж. соц. мад-тты курууга активдүү катышып, «Всемирная литература» басмасын уюштурат. 1920-ж. 23-апрелде В. И. Лениндин 50 жашка толгонуна байланыштуу бүткүл адамзат үчүн В. И. Лениндин иштеринин эбегейсиз зор маанисин айтат. 1922-ж. таржымал чыгармасынын уландысы «Менин университет-терим» повестин жазат. «В. И. Ленин» (1924—31) очеркинде улуу жол баш-чынын образын бийик көркөм чебер-тилик м-н түзөт. Ошол эле жылдары ад Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, В. Г. Короленко, Л. Б. Красин ж. б-лардын адабий портреттерин жаратат. 1925-ж. жарыяланган «Артамо-говдордун иши» романында 1861-жыл-■в реформадан Окт. рев-ясына чейинки бурж. үй-бүлөнүн үч муунунун тарыхы баяндалат. 1920—30-ж. Г. тынчтык, демократия ж-а социализмди бекемдөө, сов. ад-тта соц. реализм методун жайылтуу т^үн зор иштер жүргүзөт; сов. жа-Лтучулардын Бүткүл союздук 1-съез-ш (1934) уюштуруп, ага жетекчини кылат; СССР элдеринин ад-тынын өеүп-өнүгүшүнө зор көмөк көрсөтөт. Азы м-н катар Г. «Егор Булычов жажд башкалар» (1932), «Достигаев жаша башкалар» (1933), «Басса Желез-шова» (1935, 2-редакциясы) пьесала-рщ жазат. Г-дин эң акыркы чыгар-шкы — «Клим Самгиндин өмүрү» 11925—36; төртүнчү бөлүгү бүтпөй жалган) деген роман-эпопея. Мында icyc турмушунун рев-яга чейинки ырк жылдык тарыхый окуялары, доордун курч идеялык-коомдук күрө-жү ж-а карама-каршылыктары рев-я-хык өнүгүштө сүрөттөлөт, бурж. ин-цшгдуализм («самгинчилик») ашке-■еяенет. Г. көркөм сөздүн улуу художниги гана эмес, залкар публицист ж-а сынчы да эле. Улуттук мад-т үчүн эмгектин ролу, фольклордук мааниси, совет ад-тынын активдүү гуманнзми ж-а элдүүлүгү ж-дөгү Г-дин ой-пи-кирлери соц. реализмдин теориялык негизин түзүүдө зор таяныч болгон. Г-дин чыг-лыгынын дүйн. мааниси бар. Ал өз чыг-ларында рев-ячыл орус пролетариатынын идеяларын ж-а ой-максаттарын таасын туюнтуп, соң. коомдун ж-а жаңы сов. мад-ттын жаралышына чоң көмөк көрсөткөн. Жаңы дүйнөнүн көркөм өнөрүнө Г-дин кошкон салымын Р. Роллан, Б. Шоу, Ж. Лондон, Лу Синь сыяктуу прогрессчил жазуучулар жогору баалаган. Дүйн. ж-а көп улуттуу совет ад-ты-на тийгизген таасири б-ча эч бир жазуучу Г. м-н теңдеше албайт. Бул таасирдин масштабын ж-а күчүн кыргыз совет ад-тынын тарыхый өнүгүш жолунан айкын көрүүгө болот. Кыргыз совет ад-тынын жаралышы ж-а калыптанышы, анын негизги идеялык эстет, принциптери м-н жанрларынын иштелип чыгышы үчүн Г-дин адабий ж-а теориялык мурастары өтө чоң роль ойногон. Бу тууралуу атайын ил. эмгектер бар. Г-дин чыг-лары кыргыз тилине 1920-жылдардын аягынан баштап ко-торула баштаган. Анын негизги көркөм чыг-лары ж-а макалалары кыргызча көп ирет басылды, чыг-лары-нын коп томдук жыйнагы да жарык көрдү, пьесалары кыргыз сахнала-рында нечен курдай коюлду. Г-дин чыг-ларын которууда У. Абдукаимов, К. Баялинов, С. Бектурсунов, М. Дөг-дүров, Х. Карасаев, Т. Саманчин ж. б-лар көп эмгек сиңиришти.

Чыг.:  Собр. соч., т. 1—30, М., 1949— 56; Архив А. М. Горького, т. 1—13, М., 1939—71; Чыт., жыйнагы, 1—7-т., Фр., 1956—1961; Эне, Фр., 1952; Бала чак, Фр., 1954; Көрүнгөндүн колунда, повесть, Фр., 1954; Менин университеттерим, Фр„ 1958.

Ад.:   Ленин В. И., Горький А. М., Письма, воспоминания, документы, 3 изд., М., 1969; П и к с а н о в Н. К., Горький и национальные литературы, М., 1946; С а-м а г а н о в Ж., Максим Горький, Фр., 1966; Б у р с о в Е., Роман М. Горького «Мать» и вопросы социалистического реализма, [3 изд.], М.—Л., 1962; Горький и литературы народов Советского Союза, М., 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *