— СССРдин автомобиль ө. ж-ндагы жеңил ж-а жүк автомобилин чыгаруучу эң ири ишканалардын бири. Заводдун курулушу 1930-ж. башталып, 1932^-к. жеңил ГАЗ-А ж-а 1,5 тонналык ГАЗ-АА жүк автомобилде-рин чыгара баштаган. 1941-жылга чейин завод жеңил ж-а жүк автомо-билинин 18 моделин даярдаган. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде фронт үчүн иштеген. 1945-жылдан кийин жүк тагдыр ГАЗ-51, ГАЗ-63 ж-а «Победа», ГАЗ-69, 1956-ж. ГАЗ-21 («Волга»), 1959-жылдан «Чайка» жеңил автомобилдерин чыгарат. 1966-ж. ГАЗ-53, ГАЗ-66 жүк автомобилдери-нин моделдери негизделип, ал моди-фикацияланган. 1969-жылдан комфор-табелдүү тез жүрүүчү ГАЗ-24 жеңил машинасы чыгарылат. Заводго согуш жылдарында СССР мамлекеттик коргоо комитетинин өтмө Кызыл Туусу 33 жолу ыйгарылып, кийин бул коллективге түбөлүк сактоого калтырылган. Завод эки Ленин ордени (1941, 1971), Эмгек Кызыл Туу (1944), 1-дараж. Ата Мекендик Согуш (1945) ордендери м-н сыйланган. ГОРЬКИЙ ОБЛАСТЫ РСФСРде, 1929-ж. 19-январда түзүлгөн. СССРдин Европа бөлүгүнүн борборунда, Волганын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Аянты 74,8 миң км2. Калкы 3658 миң (1976). Админ. жактан 47 районго бөлүнөт; 25 шаар, 66 ш. т. поселка, 552 сельсовет бар. Борбору — Горький ш. Волга д. Г. обл-н токойлуу За-волжьеге (сол жээк) ж-а токойлуу талаага (оң жээк) бөлүп турат. Оң жээгинде Волга боюндагы дөңсөө уландысы (Мордва, Чуваш дөңсөөлө-рү ж-а Перемилов, Фадеев тоолору) жатат. Курулуш материалдары, чым көң, фосфорит, темир рудалары казылып алынат. Январдын орт. темп-расы — 12, — 13°С, июлдуку 18—19°С Жылдык жаан-чачыны 450—600 мм. Ири дарыялары — Волга ж-а анын куймалары: Ока, Кудьма, Сура (оң); Узола, Керженец, Ветлуга (сол). Вол-гада Горький суу сактагычы курулган. Область токой ж-а токойлуу талаа алкактарында жайгашкан. Жери күл (66%), боз ж-а кара топурактуу. Областтын 40% ин токой ээлейт. Пихта, карагай, эмен, клён, липа өсөт. Калкынын 94,4% и орус, калганы татар, чуваш, мордва, мари ж. б. Орт. жышт. 1 км2 жерге 49,5 киши. Шаар калкы 68%. Г. о. машина куруу (автомобиль чыгаруу б-ча өлкөдө 1-орунда) ж-а металл иштетүү, химия, жыгач иштетүү, кагаз чыгаруу (РСФСРда 3-орун-да) ж. б. тармактары жакшы өнүккөн. 1913-ж. (бир жылда) иштелген продукцияны азыр 2,5 күндө чыгарат. Горький ГЭСи, Балахна ГРЭСи областтын кубаттуу энергетика базасын түзөт. Машина ж-а кеме куруу, металлургиялык ири з-ддор бар. Нефть иштетүү ж-а нефть-химия, жыгач-химия ишканалары маанилүү орунда. 1957-ж. Альметьевск — Горький нефть жүргүчү курулган. Жыгач даярдоонун негизги району — Заволжье. Жеңил ө. ж-нан булгаары, кийим тигүү, бут кийим ж. б. тармактары бар; тамак -аш ө. ж-нда сүт, ун, макарон, эт, өсүмдүк майы даярдалат. Жеринин 43% а. ч-га жарактуу, анын 3/< бөлүгү айдоо. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа), тех. өсүмдүктөр (зыгыр, кара куурай), картошка өстүрүлөт. Волга м-н Оканын жайыл-масында көбүнчө жашылча айдалат. Мал чарбасы эт-сүт ж-а сүт багытында. 1976-жылдын башында 1230 миң уй, 524 миң чочко, 637 миң кой-эчки болгон. Т. ж-унун уз. 1,3 миң км. Волга, Ока, Ветлуга, Сура д-ларында кеме жүрөт. Автомобиль жолунун мааниси чоң. 1975/76-окуу жылында 2402 мектеп (601,3 миң окуучу), 60 атайын орто (75,9 миң), 11 жог. (66,3 миң студент) окуу жайы; 1352 китепкана, 2031 клуб, 12 музей, 7 театр болгон. 42,8 миң койкалуу ооруканада 11,5 миң врач иштеген. Областта «Горь-ковская правда» (1917-жылдан баштап) ж-а «Ленинская смена» (1919) газеталары чыгып турат.

от 2020