[4(15). 6. 1798 — 27. 2(11. 3). 1883] — князь, орус дипломаты, Россиянын тышкы иштер министри (1856—82), мамл. канцлер (1867-жылдан). Царскосельский дицейди бүткөн. 1856-жылга чейин Лондондо, Римде, Фло-ренцияда, Венада, Штутгартта ж-а Франкфурт-на-Майнда дипл. кызматта болгон. Ыйык Союздун Троп-пау, Лайбахт, Верона конгресстерине, о. эле Вена конф-ясына (1855) катышкан. Лондон конф-ясында (1871) Париж тынчтык договору ну н (1856) Россиянын Кара деңизден пайдалануу укуктарын чектеген статья-ларынын алынып салынышына жетишкен. 1878-ж. Берлин конгрессине катышкан орус делегаңиясына башчылык кылган. 1882-ж. отставкага кеткен.

Ад.:   Семанов С. Н., А. М. Горчаков — русский дипломат ХIX в., М., 1962.

от 2020