ГОРБАТКО Виктор Васильевич

(3. 12. 1934-ж. т., Краснодар крайы, Венцы-Заря пос.) — СССРдин учкуч-космонавты, полковник, эки жолу Сов. Союз. Баатыры (1969, 1977). 1959-жылдан КПСС мучосү. 1952-ж. аскер-авиаңия мектебине, 1953-ж. Ба-тайск аскер-авиация окуу жайына кирген. 1956-ж. окуу жайын бүтүрүп, Сов. Армиянын авиац. бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1960-жылдан космо-навттар отрядында. 1968-ж. Н. Е. Жуковский атн. Аскер-аба академиясын бүтүргөн. 1969-ж. 12—17-октябрда А. В. Филипченко ж-а В. Н. Волков м-н бирге «Союз-7» кеме-спутнигинде инженер-изилдөочу болуп космоско учкан. Космосто учуп жүргөн 5 сут-канын үчөонү «Союз-6». «Союз-8» космос кемелери м-н биргелешип учуп, Жерди 80 жолу айланып чыккан. 1977-ж. 7-февралда «Союз-24» космос кемесинин командири болуп (Ю. К. Глазков м-н бирге) 2-жолу космоско учкан. «Союз-24» кемеси 1977-ж. 8-февралда Жер орбитасын-да 1976-жылдын 24-августунан бери автоматтык режимде учуп жүргөн «Салют-5» ил. станциясына ашташып биригишкен. Космонавттар «Салют-5» станциясына өтүп, анда 18 сутка бою ар кандай ил. иштерди жүргүзүштү. 1977-ж. 26-февралда «Союз-24» кемеси «Салют-4» станциясынан бөлүнүп, транспорт кемесинин түшүрүлмо (кондурма) аппараты Жерге жумшак конду. Эки Ленин ордени ж-а Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *