ГОНЧАР Олесь

от2020

Ноя 29, 2020

(Александр Терентьевич) (3. 4. 1918-ж. т., Полтавадагы Суха кыш.) — украин совет жазуучусу. 1946-жылдан КПСС мүчөсү. Кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн. Днепропетровск ун-тин (1946) бүтүргөн. Алгачкы аңгемелери («Чиелер гүлдөйт», «Иван Мостовой» ж. б.) 1938-ж. жарык көргөн. Кийин «Туу көтөрүүчүлөр» трилогиясын («Альп тоолору», 1946; «Көгүлтүр Дунай» 1947; «Алтын Прага», 1948) жазган. Трилогия үчүн СССР мамл. сыйлыгы (1948, 1949) ыйгарылган. Ал — «Таврия» (1952), «Перекоп» (1957) романдарынын автору. «Адам жана курал» (1960) романы үчүн 1962-ж. Т. Шевченко атн. сыйлыктын, «Жылаажын» (1963) романы үчүн 1964-ж. Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон. 1968-ж. анын «Собор», 1970-ж. «Катуу бороон» аттуу романдары жарыкка чыкты. Г-дын чыг-лары СССР элдеринин (айрымдары кыргыз) ж-а чет элдик тилдерге которулган. Г. СССР Жог. Советине (6—8-шайл.) депутат. Украина жазуучулар союзунун башкармасынын пред-ли (1959—71). 2 Ленин, башка 4 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Жылаажын, Фр., 1968; Избранное, М., 1969.

Ад.:   Килимник О., Олесь Гончар,К., 1966.

от 2020