ГОНДУРАС

ГОНДУРАС (британйялык), к. Белиз.

Гондурас Республик сы — Борб. Америкадагы мамлекет. Түндүгүнон Кариб деңизи, түштүгүнон Тынч океандын Фонсека лгпы булуңу чулгап жатат. Түш.-чыгышынан Никара тышынан Гвате-tyiySjgl@)VMrV мала м-н чекте- ^~2C^S^**fH шет— Аянты 112,1 ^ЖА^^Ж миң км2 (1969). Калкы 2,78 млн (1973). Борбору — Тегусигальпа. Ад-мин, жактан 18 департаментке бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г.— респ-ка. Азыркы конституциясы 1965-ж. кабыл алынган. Мщрщтуцяя. б-ча мамлекет ж-а окмвт башчысы — президент, ал 6 жылга шайланат. Ал кеңири укуктан пайдаланат, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы. Закон чыгаруучу бийликтин жог. органы — бир палаталуу Улуттук конгресс. Ал 1972-жылдын декабрындагы мамл. төңкөрүштөн кийин бийликке келген аскердик өкмөттүн декрети б-ча таратылган. Маанилүү чечимдерди улуттук коопсуздуктун Жог. Совети кабыл алат. Сот системасы: Жог. сот, апелляциялык ж-а төмөнкү соттор. Мамл. гербин ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб ж-а Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Жеринин көп бөлүгүн бөксө тоолор (бийикт. 2865 м ге чейин) ээлейт. Тектоникалык ойдуңдар м-н тоолор өзүнчө массивдерге бөлүнгөн. Түн.-чыгышта кенен саздак ойдуң жатат. Күмүш, алтын, түстүү металл ж-а темир рудалары, сурьма, боксит кендери бар. Климаты тропиктик-пассаттык, ойдуңдар м-н өреөндө-рүндө ысык (орт. айлык темп-расы 22—26°G), тоолорунда жылуу (10— 24°С). Өлкөнүн түндүгү ж-а шамал жак түн.-чыгыш капталдары өтө нымдуу (жылына 3000—5000 мм ге чейин), өрөөндөрдө ж-а түштүктө кургакчыл. Тоолордо токой, өрөөндөрдө ксерофит бадалдары өсөт. Калкы. Калкынын 90% испандар м-н индеецтерден чыккан аргындар, 7% ке жакыны индеецтер. Мамл. тили — испан тили. Калкынын көбү католик дининде, негрлер — протестант. Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Тегусигальпа, Сан-Петро-Сула, Ла-Сейба. Тарыхый очерк. 16-к-дын башына чейин Г. жерин индеец уруулары мекендеген. 16-к-да Г-ты испан колониячылары басып алып, Гватемала генерал-капитан-чылыгына кошот. Г-та испаниялык помещиктердин ири феод. жер ээлиги болсо да, экономикасынын негизи күмүш өндүрүү бойдон калган. Африкадан альш келинген кулдар м-н жерг. калктын ырайымсыз эзилишинен улам колониячылар-га каршы көтөрүлүштер тез-тез чыгып турган. 1801—26-жылдарда көз каранды-сыздык үчүн континентте болгон согуш Г-тын өз алдынчалыкка жетишине себеп болот (1821). 1838-ж. респ-ка деп жарыяланат. Бирок көп өтпөй эле өлкөгө англ. капитал кирип, 19-к-дан аны АКШ капиталы сүрүп чыгара баштайт. Чет өлкөлүк империалисттер шшещиктер м-н көпөстөрдү айыгыштырып, мамл. төңкөрүштөр жасап, согуштар чыгарып турат. 1927-ж. Г-та туңгуч коммунисттик топтор пайда болот. Банан плантацияларын-да иштеген дыйкандар м-н батрактар 1931—32-ж. көтөрүлүш чыгарат. Т. Кариас Андино бийлеп турган мезгилде (1933—49) өлкөдөгү демокр. кыймыл ырайымсыз басылып, амер. кампа-ниялар өкүм сүрөт. Президент Х. М. Гальвестин тушунда (1949—54) АКШ Г-тын терр-ясын өз алдынча болууга умтулган Гватемалага интервенция жасоо үчүн пайдаланат. 1954-жылдан түн. америкачыл режимдерге каршы эл кыймылы күчөйт. Г. компартиясы түзүлөт. 1956-ж. октябрда бийлик аскердик хун-танын колуна өтөт. Ошондон бери өлкөнүн саясий турмушу туруктуу болбой, аскердик төнкөрүштөр улам кайталанып жатат. 1960-жылдан бери саясий бийлик АКШнын монополиялары м-н чырмалышкан аскердик чөйрөлөрдүн колунда. Бийликтегилер прогрессчил саясий партияларды гана эмес, патриоттук сезимдеги улуттук буржуазиянын өкүлдөрүн да куугунтуктап жатат. АКШнын Борб. Америкадагы ар кайсы монополияларынын таламдарынын карама-каршы келишинен улам 1969-ж. Г. м-н Сальвадордун ортосунда куралдуу кагылыш болду. Кагылышта мамлекеттер уюму кийлигишип токтотту. Саясий партиялары, профсоюздары. Улутчул (Консервативдүү) партия, ири латифундиялык олигархией м-н католик дин кызматкерлеринин мүдөөсун көздөйт. 1971-жылдан бийликте. Либералдар партиясы, орто ж-а майда буржуазиянын таламын жактайт. Г. коммунисттик партиясы, 1954-ж. негизделген, жашырын иштейт. Г. эмгекчилер к о н ф е-дерациясы (ГЭК), 1964-ж.уюшулган, өкмөттүн көзөмөлү м-н иштейт. Экономикасы. Г.— начар өнүккөн агрардык өлкө. Чарбасынын негизги тармактары АКШ капиталынын колунда. Улуттук дүң продуктунун 50%ин а. ч., 14%ин ө. ж. берет. Жеринин көп бөлүгүн амер. кампания-лар ээлеп алган. 823 миң га жер иштетилет (1963), жайыт 3,4 млн га, токой 3 млн га. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү (көбүнчө экспортко жөнөтүлөт): банан, тамеки, кофе, абака. Ички керектөөгө бал камышы, жүгөрү, буурчак, таруу эгилет. 1972-ж. 1,598 млн бодо мал, 805 миң чочко болгон. Өлкөдө жыгач даярдоо өнүккөн. Ө. ж. кустардык ишканалардан турат. АКШнын кампаниясы алтын, күмүш, цинк, коргошун казып алат. Электр станцияларынын кубаты 91 миң кет (1968), иштеп чыгарылган электр энергиясы 268 миң кет-с (1969). Иштеп чыгаруу ө. ж-нан тамак-аш, текстиль, тигүү ишканалары өнүккөн. Ө. ж-нын көпчүлүгү Сан-Педро^Сула ж-а Тегусигальпада жайгашкан. Пуэрто-Кортес ш-нда нефть иштетүүчү з-д (амер. кампанияны-кы) курулган. Т. ж-нун уз. 1,2 миң км (85% ке жакыны АКШга караштуу), автомобиль жолунуку — 4,7 миң км. Сырткы соода жүктөрү деңиз аркылуу ташылат, ири порттору: Пуэр-то-Кортес, Ла-Сейба, Тела, Амапала. Эл аралык маанидеги 2 аэропорту бар. Экспорт наркынын 2/3 бөлүгү бананга,кофеге, жыгач материалда-рына туура келет. Импортунда жабдуулар, кеңири керектелүүчү товарлар, хим. продуктулар, азык-түлүк басымдуу. Сырткы соодасынын 50% АКШ м-н, калганын Борб. Америка өлкөлөрү, ГФР, Япония, Улуу Британия м-н жүргүзөт. Акча бирдиги — демпира, 2 лемпира=1 доллар. Маданияты. 1947-ж. 7—15 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө окутуу белгиленсе да, ал толук ишке ашырылбай калган. 1961-жылдагы маалымат б-ча, 15 жаштан жогоркулардын 55% сабатсыз. Г-та мамл. ж-а жеке менчик окуу жайлар (көбүнчө католиктик) бар. Шаардагы мамл. башталгыч мектепте окуу мөөнөтү 6 жыл, кыштакта 3 жыл. 5 жылдык орто мектептин (лицейдин) 2 цикли (3 ж-а 2 жылдык) бар. Анын 1-цикли жалпы билим берет, экинчиси гуманитардык ж-а табигый илимд. бөлүмдөрүнөн турат. Ке-сипчилик билим 3 ж-а 5 жылдык а. ч., тех. ж-а коммерция мектептеринде берилет. Башталгыч мектептин мугалимдери кадимки мектептерде ж-а пед. коллеж-дерде даярдалат. Жог. билимди Тегуси-гальпадагы Улуттук ун-т (1847) берет. Улуттук китепкана (1880), Улуттук музей бар. Г-та 1970-ж. 14 газета ж-а журнал чыккан. Эң белгилүүлөрү: «Гасета» (1906), «Диа» (1948), «Насьональ», «Пуэбло» (1949), «Трабахо» («Эмгек») бюллетени (Компартиянын органы, 1954). 58 радио-станциясы, бир телестанциясы, алып көрсөтүүчү эки станциясы бар (1970). Радио станцияларынын чоңу — «Гондурас үнү» ж-а «Радио насьональ». Бардыгында тең берүүлөр испан тилинде. Адабияты Г. боштондукка чыккандан кийин (1821) пайда болот. 1898-ж. К. Гу-тьеррестин «Анхелина» деген натурализм духунда жазылган чыгармасы жарык көрөт. Бул Г. ад-тындагы биринчи роман болгон. 19-к-дын аягы м-н 20-к-дын башында модернизм агымы (ири өкүлү — Ф. Турсиос) таралат. Кийинки муундагы жазуучулары: А. Гильен Селая (1878— 1947), Р. Э. Валье (1891—1959) ж. б. 2-дүйн. согуштан кийин — улуттук бошт. кыймылдын мезгилинде чыг-лыгын эл Тегусигальпадагы Лос Долорес чиркөөсү. 1732—1815, турмушунун проблемаларына арнаган жазуучулар тобу өсүп чыгат. 16-к-дан баштап бир кабаттуу пландуу үйлөр, 17—18-к-да базилика чиркөөлөрү салынган. Г-тын 19—20-к-дагы арх-расы колон. мезгилдин салты м-н АКШ, Европа аклектикасынын ж-а неоклассицизми-нин үлгүсүндө болгон. 20-к-дан тартып гана жаңыча стилдеги айрым имараттар салынган. 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында реалисттик пландагы тарыхый, пейзаж ж-а портрет жанрлары өнүгөт. Көрүнүктүү реалист живописчи А. Каналес чыг-ла-рында жумушчу ж-а дыйкандардын турмушун чагылдырат.

Ад.:   Народы Америки, т. 2, М., 1959; Томас А. Б., История Латинской Америки, пер. с англ., М., 1960; Г о н и о н-ский С. А., Очерки новейшей истории стран Латинкой Америки, М., 1964; К а р-неро Чека X., Очерки о странах Латинской Америки, пер. с исп., М., 1960.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *