ГОМСТЕД-АКТ

(англ. homestead — чарбак, участка) — АКШда жер кесип берүү ж-догү закон. АКШдагы Гражд. согуштун (1861—65) мезгилинде эл массасынын ж-а Респ-калык партиянын радикал-демократчыл бөлүгүнүн кысымы м-н 1862-ж. май айында кабыл алынган. Бул закондо АКШнын 21 жашка толгон ж-а Түш. тарабында Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир граждан 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Г.-А. б-ча 115 млн га чамалуу жер берилген. Г.-А-нын кабыл алынышы башка чаралар м-н бирдикте АКШнын а. ч-нда капитализмдин өнүгүшүнүн «америкалык» фермердик жолунун жеңиши болгон. Фермерлердин таптык жиктелүүсүн, алардын негизги массасынын пролета-риатташуу процессин күчөткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *