ГОММОЗ

от2020

Ноя 29, 2020

 (фр. gomme—чайыр)—өсүмдүк илдети. Бул илдетке дарак (да-нектүү момо багы, цитрус), гозо, кунжут чалдыгат. Ал жараат, үшүк, курт-кумурск ж-а микроорганизм-дердин кесепетинен чыгат. Өсүмдүктүн кабыгы эзилип, килкилдек, саргыч суюктукка (чайырга) айланат. Г. илдети пахта эгилүүчү райондордо кездешет. Ал гозо жалбырагын, сабагын, гүлүн, косегин ж-а буласын. зыянга учуратат. Тозонун жалбырагы саргайып, эрте түшөт; сабагы ичкерип, косеги чирийт. Сактануу чаралары: пахтаны которуштуруп эгүү, терең айдоо, чигитти формалин, гранозан, гексохлоран, ТМТД ж. б. м-н дарылоо, мөмө дарагын оз убагында бутоо, ысыктан ж-а үшүктөн сактоо, агротехника эрежелерин туура колдонуу.

от 2020