ГОМИНЬДАН

от2020

Ноя 29, 2020

(кытайча—улуттук партия) — Кытайдагы саясий партия; 1912-жылдан прогрессчил роль ойногон, 1927-жылдан бурж.-помещиктик реакциянын башкаруучу партиясына айланган. Президент Юань Ши-кай-дын бийлигин чектөо, Кытай Респ-ка-сын чыңдоо максатында 1912-ж. Сунь-Ят-сен башкарган Тунмэнхой союзу м-н либералдык буржуазиянын бир нече уюму биригип түзгөн. 1913-ж. Юань Ши-кайдын согуштук диктатурасы орногондон кийин Г-дын иштөо-сүнө тыюу салынган. 1921-ж. түзүлгөн Кытай компартиясы (ККП) м-н бириккен. ККПнин активдүү катышуусу м_н бирдиктүү рев-ячыл фронттун массалык саясий партиясына айланган. Г-дын 1-съезди (1924) антиимпер. ж-а антифеод. багыттагы жаңы программа кабыл алган. ККП м-н кызматташуудан Г-дын оңчул биримдик фронттун түзүлүшү Кытайдагы рев-янын (1925—27) эң башкы ебөлголөрүнүн бири болду. Бирок рев-я күчөгөн сайын коммунисттер м-н кызматташуудан Г-дын оңчул тарабы улам четтей берди. Бул четтөө Сунь Ят-сен өлгөндөн (1925-ж. 12-март) кийин бөтөнчө күчөдү. Чан Кай-ши ж. б. оңчулдар 1927-ж. Чыгыш ж-а Батыш, андан кийин Борб. Кытайда контррев-ячыл төңкөрүш жасады. Г. контррев-ячыл партияга айланды. 30-жылдарда Г. империалист-тердин колдоосуна таянып, ККП түз- гөн рев-ялык базаларга 5 жолу жортуул жасап, Кытайдын айрым райондорун басып алган импер. Японияга каршы күрөш жүргүзбөдү. Г. Япония жеңилгенден ж-а 2-дүйн. согуш бүткөндөн кийин да бошотулган райондорду басып алуу ж-а ККП башкарган куралдуу күчтөрдү жоюу’ максатында 1946-ж. өлкөгө гражд. согушту таңуулады. Бирок ККП жетекчилиги м-н кытай эли эл. аралык ыңгайлуу кырдаалды ж-а дүйнөнүн рев-ячыл күчтөрүнүн жардамынан пайдаланып, Г. армиясын талкалап, 1949-ж. 1-ок-тябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүн жарыялады. Чанкайшичи-лердин калганы Америка куралдуу күчүнүн жардамы м-н Тайвань а-на качып кетти.

Ад.:   Ленин В. И., Кытайдагы демократия шана народничество, Чыг., кырг. 1-бас, 18-т; Сунь Ят-сен. 1866—1966. к столетию со дня рождения. Сб. статей, воспоминаний и материалов, М., 1966.

от 2020