ГОМЕЛЬ ОБЛАСТЫ

 БССРде 1938-ж. 15-январда түзүлгөн. Респ-канын түш.-чыгыш тарабында. Аянты 40,4 миң км2. Калкы 1562,7 миң (1976). 21 раг йон, 17 шаар, 17 ш. т. посёлка, 314 сельсовет бар. Борбору — Гомель ш. Г. о. Чыгыш Европа түздүгүнүн түш.-батыш бөлүгүндө. Областтын батыш бөлүгү саздуу ж-а токойлуу түздүк (120—140 м бийикте). Климаты мелүүн континенттик: жайы жылуу, кышы жумшак. Январдын орт. темп-расы —6,5°С, июлдуку 18,5°С Жылдык жаан-чачын 550—650 мм. Г. о-нын аймагынан Днепр ж-а анын куймалары Сож, Припять, Березина агып өтөт. Кыртышында күлдүү ж-а чым көңдүү-саз топурактары басымдуу. Аянтынын 38,6% токой ( мырза карагай, эмен, граб, кайың ж. б.). Ай-банаттары: коён, тыйын чычкан, түлкү, кекилик, чил ж. б. Калкынын көпчүлүгү белорустар (84,4%; 1970), о. эле орус, еврей, украиндер жашашат. Орт. жышт. 1 км’* жерге 38,7 киши. Шаар калкы 46% (1971). Ири шаарлары — Гомель, Мо-зырь, Речица, Светлогорск ж. б. Ө. ж-нын башкы тармактары — машина куруу (а. ч. машиналары, станок, подшипник, өлчөгүч приборлор), жыгач иштетүү, кагаз чыгаруу. Нефть өндүрүү ж-а иштетүү, айнек, кабель жасоочу ишканалары бар. Жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. өнүгүүдө. Жыгач даярдоо б-ча респ-када биринчи орунда. Кара буудай, буудай, арпа, сулу, гречиха, картошка (респ-када алдыңкы орунда) эгилет. Уй, чочко, кой, эчки асыралат. Транспор-тунун маанилүүсү — т. ж., анын уз. 879 км (1976). Автомобиль жолунун уз. 13 миң км. Днепр ж-а анын куймалары Сож, Припять, Березинада кеме жүрөт. Область аймагынан «Дос- тук» нефть жүргүчү ж-а Щорс — Гомель газ жүргүчү өтөт. 1975/76-окуу жылында 1528 мектеп (339,9 миң окуучу), 18 атайын орто (20 миң), 3 жог. (17,1 миң студент) окуу жайы, 1145 китепкана, 1080 клуб, 6 музей, 2 театр болгон. 1971-жылдын 1-январына 17,2 миң койкалуу ооруканада 3,1 миң врач иштеген. 1917- жылдан «Гомельская прауда» газетасы чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *