ГОЛЬФСТРИМ

 (англ. Gulf Stream — булуң агымы) — Атлантика океаны-нын түн. бөлүгүндөгү жылуу агым. Флорида ж. а-нын жээгинен Шпицберген м-н Жаңы Жер а-дарына чейин (10 миң км) жетүүчү жылуу агымдардын кубаттуу системасы. Г. катуу шамал Юкатан кысыгы аркылуу Мексика булуңуна сууну көп айдап келип, булуң м-н ага чектеш океан бөлүгүнүн деңгээли кескин айырмалангандыктан пайда болот. Г-зш океанга чыккан жердеги кубаттуулугу 25 млн м3\сек (суткасына 2160 км3) түзөт, бул Жер шарындагы бардык агын суулардын чыгымынан ЭЗ эсе көп. Г. океанда Антиль агымы м-н кошулганда 38° түн. кеңдикте кубаттуулугу 82 млн м3\сек га жетет. Океанда Г-дин ылдамд. 6 вле/ска (кээ бир учурда 10 км/с) жетет да, Ньюфаундленд банкасында (тайыз жеринде) анын ылдамд. З—4 км/с ка игырындайт. Агымдын эни түштүгүндө 75 км, Хаттерс тумшугуна жакын 110—120 км, калыңд. 700—800 м түзөт. Агымда көп сандаган имерилиштер меандра), айлануулар пайда болот. Г. өзү м-н жылуулук ж-а туздарды иш келет. Суунун жылдык орт. темп-расы үстүңкү бетинде 25°, 26°С, -узд. 36,2—36,4% о, 400 м тереңде 10°— 13=0, эң туздуу жери (36,5 %0) суунун 3X3 м тереңинде байкалат. Ньюфаундленд банкасынын түш. чет жакалары- нан Лабрадор муздак агымы м-н кошулуп (40° батыш узундукта), Түн. Атлантика агымын түзөт. Бул агымдын негизги бөлүгү Норвег деңизин-де уланат да, Скандинавия ж. а-нын жээктеринен Норвег агымы, андан түндүгүрөөк жагынан Шпицберген агымы аталып, Шпицбергендин батыш жээгин бойлой өтүп, Түндүк Муз океанында муздак суу алдына тереңдеп кетет. Г-дин жалпы климатка, чарбачылыкка жагымдуу таасири бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *