ГОЛУБИН МӨҢГҮСҮ

-Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы мөңгү. Ала-Арча суусунун башында. Уз. 5,5 км, туурасы 400—500 м ден 1000 м тв чейин. Аянты 9,4 км2. Кар чегинин бийикт. 3860 м, этеги 3400 м бийиктен бүтөт. Г. м. өрөөн мөңгүлөрүнүв тибине кирет. Мөңгүдөй Ала-Арчанын оң куймасы Жинди-Суу башталат. Мөңгү геолог Н. А. Голубиндин ысмы м-н аталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *