ГОЛУБИН Владимир Николаевич

(2. 7. 1909-ж. т., Анжеро-Суженск гл.) — сов. геолог, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1953), 1947-жылдан КПСС мүчөсү. О. Азия политех, ин-тунун геол. чалгындоо ф-тетин’ бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР геол: башкармасынын башкы геологу, башкы инженери, начальниги (1938—61), Казак ССР геол. башкармасынын начальниги (1954— 56). Кырг-ндын кен байлыктарын ачууда, чалгындоо ж-а анын геол. жумуштарын өркүндөтүүдө олуттуу салым кошкон. Кыргыз ССР Жог. Советинин (5-шайл.) депутаты. Кырг-н Компартиясынын 9- ж-а 11-съездде-ринде БКнын мүчөлүгүнө кандидат болуп шайланган. Эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *