[9(21). 1. 1891—28. 8. 1953] — сов. дирижёр, пианист, композитор ж-а педагог, СССР эл артисти (1948). Москва консерваториясын С. Н. Василен-конун классы б-ча бүтүргөн (1914). 1909-жылдан синодалдык орус хору-нун дирижёру, 1915-жылдан хормейстер, 1918—36-ж. дирижер, 1948.—53-ж. СССРдин Чоң театрында (Москва) башкы дирижёр. 1937-жылдан Бүткүл союздук радиокомиеттин Симф. чоң оркестринин башкы дирижёру, көркөм жетекчиси. 1925—29, 1943— 48-ж. Москва консерваториясьшын профессору, опера ж-а оркестр класс-тарынын жетекчиси. Г. орустун классикалык (Мусоргский, «Борис Годунов», «Хованщина»; Римский-Корса-ков, «Садко») операларын интерпрета-циялоодо озү’н эрудициялуу дирижёр катары корсете алды. Г. СССР мамл. сыйлыктарынын лауреаты (1946, 1949, 1950, 1951). Г. — эки опоранын, симф. чыг-лардын, 20дан ашуун романстын автору. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020