ГОЛОВАНОВ Александр Евгеньевич

[25. 7(7. 8). 1904-ж. т.] —сов. аскер башчы, авиациянын Башкы маршалы (1944). 1929-жылдан КПСС мүчөсү. Жумушчунун үй-бү-лөсүнөн. 1919-ж. Кызыл Амрияга өз ыктыяры м-н кирип, Грая;д. согушка катышкан. ЦА-ГИнин учкучтар мектебин бүткөн (1932). 1933—41-ж. Гражд. аба флот системасында иштеген. Халхин-Гол (1939), совет-финн согуштарына (193940) катышкан. Улуу Ата Мек. согушта 1941-ж. авусттан алыска учуучу авиадивизиянын командири, 1942-я?. февралдан алыска учуучу авиациянын, 1944-ж. декабрдан аба армиясынын командачысы, Чыгыш Пруссия ж-а Берлин операциясына катышкан. 1946-ж. апрелден алыска учуучу авиациянын командачысы. Генштаб аскер академиясын бүткөн (1950). 1953-жылдан запаста. СССР Жог. Советинин (2-шайл.) депутаты. Эки Ленин ордени, башка дагы 7 орден ж-а чет олколүгк 2 орден, о. эле медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *