ГОЛЛАНДИЯ

 к. Нидерланд.

ГОЛЛАНДИЯ, (голл. Holland — токойлуу өлкө) — о. кылымдагы графтык, кийин Нидерланддын составындагы провинция. Г. графтыгы адегенде «Ыйык Рим империясына» вассал абалда турган феод. ээлик (лен) катары 10-к-да пайда болот. Ал 1287-ж. Батыш Фрисландияны, 1323-ж. бүт Зеландияны ж. б. жерлерди каратып, аймагын кеңейтет. 1299—1354-ж. Авен-дер династиясы сурап турганда Ген-негау (Эно) м-н бириктирилип, 1433— 77-ж. Бургундия мамлекетинин, 1477-жылдан (,1482-жылдан биротоло) Габсбургдар ээлигинин карамагына өтөт. 15—16-к-да Түн. Нидерланддын экон. жактан күчтүү провинциясына айланып, Г-да алгачкы капит. мамилелер өнүгөт. Г. Нидерланд буржуазиялык революциясында (16-к.) жетекчи роль ойнойт. 1572-жылдагы ко-торүлүштүн натыйжасында испан-габ-сбург эзүүсүнөн кутулуп, Бириккен провинциялардын бурж. респ-касы түзүлгөндөн кийин Г. анын саясий ж-а экон. борбору болот. Г-нын андан кийинки тарыхын к. Нидерланд ко-ролдугу макаласынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *