Го л эркти к а (гр. holos — бүт ж-а ark-tikos — түндүк) — кургактыктын фло-ралуу ж-а зоогеографиялык областы. Голарктика өсүмдүктөр областы жер бетинин (тропик бөлүгүнөн тышкары) түн. бөлүгүн бүтүндөй ээлейт, түш. чеги Рак тропигине катар жатат, Түн. Америка, Европа, Азия ж-а Африка контияенттеринин түн. жагын дээрлик кучагына алат. Г. о-нын өсүмдүктөрү негизинен неоген ж-а плейстоцен мезгилинде пайда болгон. Ал эми Г. о-нын түш. жакта-рындагы (өзгөчө Чыгыш Азияда ж-а Түн. Американын кээ бир жерлериндеги) өсүмдүктөрдүн байыркы мезгилдеги белгилери сакталып калган. Азыркы кездеги Г. о-нын түш. бөлүгү түндүгүнөн көп түрдүү флоралардын урууларына бай ж-а түрдүк составы жагынан бөтөнчөлөт. Анын өсүмдүктөрү: татаал гулдүүлөр, дан өсүмдүктөр, ыраңдар, чанактуулар, байчече-кейлер, лилия, кайчы, чеге, роза, эрин гүлдүүлөр, чатырдуулар, эндик-тер ж. б. тукумдардын өкүлдөрү, дарак өсүмдүктөр (кайың, тал, жацгак ж. б.), ийне жалбырактуулар (таксо-дийлер ж-а кызыл карагайлар). Аро-ид, орхид, сүттикен, марен, пальма, папоротник тукумдарынын түрлөрү аз. Түштүктөн түндүккө жакындаган сайын мамык чөптөр, эңилчектер ж-а козу карындар коп учурайт. Г. о. Жер Ортолук, Борб. Европалык, Борб. Азиялык, Чыг. Азиялык, Бореалдык ж-а Арктикалык деп, өсүмдүктөрдүн бир топ кичине областтарына бөлү- нөт. Булардын ар биринде өздөрүнө мүнөздүү есү-мдүктөрдүн туруктуу тобу бар. Голарктика зоогеографиялык областы Түн. Америка, Европа, Түн. Африка ж -а Азияны (Индия ж-а Индокытайды кошпогондо) ээлейт. Г. о. чоң аймакты ээлегени м-н андагы жаныбар түрлөрүнүн саны аз: сүт эмүүчүлөрдөн — кунунун 2 түрү, көр чычкандар, кош аяктар; куштар дан — кур, кокуй өрдөктөр; жерде-сууда жашоочу куйруктуулар-дан — 4 тукум; балыктардан — осетр, лосось, чортон сымалдар ж. б. кездешет. Фаунанын аздыгы ал областтын климатынын катаалдыгына байланыштуу. Г. о. негизинен жаныбарлардын 7 областчасына бөлүнөт.

Ад.:   Говорухин В. С, География растений с основами ботаники, 2 изд., М., 1961.

от 2020