ГОИЯ

Г о й я-и-Л усьентес Франсис к о Хосе де (30. 3. 1746, Фуэн-детодос, Сарагосага жакын —16. 4. 1828, Бордо) — испан сүрөтчүсү ж-а гравёру. 1760-ж. Сарагоса гл-нда Х. Лусан-и-Мартинестен окуган. 1773-ж. Мадриддеги Ф. Байеунун өнөрканасында иштейт. 1776—80- ж-а 1786—91-ж. дубалга жабыштырылуу-чу кагаздарды чыгара турган корол-щк ишкана үчүн бОтан ашык панно жасайт. Г. бул чыг-ларында («Идиш сатуучу», «Мадрид базары», 1778, «Жараланган ташчы», 1786 ж. б.) ошол учурда испан иск-восуна күчтүү таасир тийгизген барокконун ыксыз салтанаттуу ж-а классицизмдин кургак салттарына демократизм духун каршы коёт. 1780-жылдардан тартып ал чебер портретчи катары таанылат. Г. 1785-ж. Мадрид сүрөт академиясы- на вице-директор, ал эми 1795-жыл-дан ошол академияда живопись бөлүмүнө директор. 1786-жылдан тартып королдун сарайында иштейт. Бул мезгилде Г. графикага озгөчо кызыга баштайт. 1790—1800-ж. Г-нын портрет онөрүнүн бийик Сокусуна жеткен мезгили болот: «Капричос» (1797—98), «Согуш кырсыктары» (1810—20) деген атактуу офорттор сериясын жаратат. Мунун биринчисинде испан коомунун саясий ж-а нравалык негиздерин ашкерелесе, экинчисинде наполе-ондук баскынчыларга каршы күрөшүп жаткан испан элинин тагдыры филос. жактан чагылдырылган.

Ад.:   Левина И. М., Гойя, П.—М., 1958 = Прокофьев В. Н., «Капричос» Гойи, М., 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *