— пахтанын түшүмүнө зыян келтирүүчү ак балек, гоммоз, тамыр кара жамасы ж. б. ви-рустуу илдеттер. Булардын эң коркунучтуу илдети — ак балек. Ал тозонун өсүп-өнүгүүсүн токтотуп, пахтанын түшүмүн эки же андан көп эсе төмөндөтөт. Тамыр кара жамасы м-н гоммоз илдеттери гозону 60—70% ке чейин зыянга учуратат. Г. и-не каршы күрөшүү үчүн илдетке туруктуу жаңы сортторду чыгаруу, которуштуруп эгүү, чигитти эгүү алдында «ууландыруу», пахта талааларына химикат чачуу сыяктуу чара көрүлүп, илдеттүү гозо пая орулуп ташталат.

от 2020