ГОГОЛЬ Николай Васильевич

[20. 3 (1. 4). 1809, Большие Сорочинцы кыш., азыркы Полтава обл.— 21. 2(4. 3). 1852, Москва]—орус жазуучусу. Помегциктин үй-бүлөсүнөн. Нежин гимназиясында окуган (1821— 28). 1828-ж. Петербургга келет. 1829-ж. «Ганц Кюхельгартен» деген идиллия жазат, анысы ийгиликтүү чыкпай калат. 1831-ж. А. С Пушкин м-н таанышканы анын жазуучу катары калыптанышына түрткү берет. Г-ду «Диканька хуторунун жанындагы кечелер» (1831—32) аттуу чыгармасы көпчүлүккө таанымал кылат. 1835-ж. жарыяланган «Арабески», «Миргород» жыйнактары В. Г. Белинский тарабынан жогору бааланат. Көп өтпөй Г. драматург катары да көрүнөт. Г-дун драмалык чыг-ларынын эң мыктысы «Текшерүүчү» 1836-ж. басылып ж-а театрда коюлуп, өтө чоң кадыр-баркка ээ болот. 1836-жылдан Г. Римде жашап, «Өлүү жандар» роман-поэма-сын жаза баштайт. Анын 1-тому (1842) «Текшерүүчүдөн» да журтчулукка күчтүүрөөк таасир калтырат. «Өлүү жандарга» удаалаш «Шинель» повестин жарыялайт. Ал эки чыгарма орус ад-тындагы сынчыл реализм-дпн өзүнчө бир манифести болду. Г. өзүнө чейинки жазуучулар анчалык барк албаган турмуштук материалды сүрөттөөгө көп көңүл бурган. Анын чыг-лары Россиядагы феод. мамилелердин өз күнүн жашап бүткөнүн айкындап, орус сынчыл реализминин андан ары өсүп-өнүгүшүнө чоң таасир тийгизди. Улуу жазуучу жараткан коомдук түрдүү катмардын типтүү өкүлдөрүнүн классикалык образдары кийинки доорлордун окурмандары үчүн чыныгы «бейтааныш таа-ныштарга» (Белинский) айланууда. Г-дун чыг-лары кыргыз окурмандары м-н көрүүчүлөрүнө кеңири белгилүү. Анын «Текшерүүчү» комедиясы 1929-ж. кыргыз театр студиясында коюлган. 30-жылдарда «Үйлөнүү» коме-днясы да кыргыз сахнасында ийгилик м-н ойнолгон. «Шинель» (1952), «Өлүү жандар» (1953), «Тарас Бульба» (1954), «Иван Иванович Иван Ники-форович менен кантип чатакташкан-дыгы тууралуу повесть» ж. б. прозалык чыг-лары кыргызчалаткан. Кыргыз тилинде Г. чыг-ларынын 2 томду-гу басылып чыккан. «ч ы г.: Текшерүүчү, Фр., 1952; Өлүү жандар, 1953; Эки томдон турган чыгармалар жыйнагы. Фр., т. 1—2, 1959, 1966; Пмн. собр. соч., т. 1—14, М., 1937—52.

Адj Белинский В. Г., О Гоголе. Статьи, рецензии, письма, М., 1949; 3- В. Гоголь в воспоминаниях современ-эизов, М.— Л., 1952; Х р а п ч е н к о М. Б., Т»зоэтеетво Гоголя, 3 изд., М., 1959. ГОЗО (Gossypium) — мальва тукумундагы көп жылдык була өсүмдүгү. Г. жер шарынын тропик бөлүктөрүнөн башка жерлерге таралган. Эгилме ж-а жапайы түрү кездешет. Бадал ■атал жапайы Г. Африка, Индия ж, б. тропиктик жерлерде өсөт. Ал тт эгилме түрү бардык материктер-ж айдалат. Эгилме Г. сов. илимпоз Мауэрдин классификациясы б-ча э түргө бөлүнөт: 1) Мексика Г-су же меапшум хирзитум (G. hirsutum); Т перу Г-су — госсипиум барбадензе (G. barbadense); 3) үч чанактуу Г. (G. tricuspidatum); 4) африка-азия Г-су (G. herbaceum); 5) индокытай Г-су — госсипиум арбареум (G. arbo-reum). Г. жылуулукту көп (25—30°) талап кылат. Өз ара чаңДашат. Азык затты ж-а сууну арбын керектейт. Топуракты анча тандабайт. Г. гектарынан 60—70 ц пахта (кебез) берет. СССРде 2460 миң га чамасында, анын ичинен Кырг-нда 72—73 миң га жерде эгилет, респ-канын шартында 1 т пахта алуу үчүн 50—80 кг азот, 15— 20 кг фосфор ж-а 60—80 кг калий жумшалат. Госсипиум х е р б а-ц е у м көбүнчө Африка ж-а Азияда өстүрүлөт. Ал СССРде селекция ишинде колдонулат. Госсипиум барбадензе — жибек булалуу перу Г-су негизинен Египет, Судан, Перу, Бразилия, АКШда себилет. СССРде Түркм-н, Таж-н ж-а Өзб-ндын айрым обл-тарында өстүрүлөт. Госсипиум хирзитум — тозонун борб. америка түрү. Анын сорттору жер шарынын Г. өстүрүүчү баардык мамлекеттерине эгилет да, дүйнөдө өн-дүрүлүүчү пахтанын 70%ин түзөт. СССРде хирзитум сорттору көп айдалып, эрте бышып, жог. түшүм берет. Анын өсүп жетилүү мезгили 100—155 күн. Сабагынын уз. 80—90 см. Жалбырагы 5 тарам, гүлү ак саргыл, кызгылт. Косеги чоң, беш чанактуу. Ар бир косеги 3—12 г пахта берет. Бу-ласынын уз. 20—42 мм. Пахтасынан 25—40% була алынат. Чигити сүйрү, алмурут сымал. Бул сорттор СССРде гектарынан 50—60 ц пахта берет. Негизги сорттору: 108-Ф, 149-Ф, С-4727, ош-13 ж. б. Зыянкечтери: пахтачы көпөлөк, гозо бити, өрмөкчү кене ж. б. И л д е т т е р и: ак балек, со-луу, гоммоз, вертициллёз ж. б.

Ад.:   Хлопководство, М., 1967; Т е р-0 в а-н е с я н, Хлопчатник, Л., 1973.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *