ГЛОССИТ

от2020

Ноя 29, 2020

 (гр. glossa — тил) — тилдин сезгениши. Ал травмадан, авитами-ноздон, тамак аштын жетишсиздигинен, чанда кээ бир дарыларды ичкенден кийин пайда болот. Г. ички органдардын көн ооруларынын белгисин билдирет, мис, ичеги ооруганда тил кургап, «кабатталат», ал эми кан ооруларында кичирейип, жылмакай болун калат. Г. м-н бардык жаштагы адамдар ооруйт. Дарылоодо Г-ти пайда кылган себептерди ж оюу, ооздун ичин таза алып жүрүү, витаминотерапия ж. б. колдонулат.

от 2020