ГЛОБУС

от2020

Ноя 29, 2020

(лат. globus — шар) — Жер шарынын аянттарынын оз ара катыштары м-н геом. окшоштугу сакталып түзүлгөн модели. Г-тун көбү 1: 30 млн — 1 : 80 млн масштабда болот. Г. картографиялык мазмуну жагынан ар түрдүү. Алардын ичинен физ.-геогр. ж-а рельефтик (тоолор м-н дөңсөөлөрдүн элеси түшүрүлгөн) Г. коп тараган. Алгачкы геогр. Г-ту 1492-ж. М. Бехайм жасаган. 17—18-к-да Г. деңизде сүзүүдө колдонулган, деңиз яарталары м-н лоциялар чыккандан тартып, Г. мектептерде окуу куралы катары пайдаланылып калды.

от 2020